Унаасына ашыкча жүргүнчү салган маршруттук таксилердин айдоочуларына 3000 сом айып пул салынат

1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстер коомчулукта талкуу жаратты. Мисалга алсак, Кыргыз Республикасынын мыйзам бузуулар тууралуу кодексинин 134-беренесинде «Каттамдык, шаар аралык, эл аралык ташуулар режиминде иштеген айдоочулар тарабынан транспорт каражаттары менен ташылуучу адамдардын санына карата талаптар бузулса же ташуу келишими болбосо 2-категориядагы айып пул салынат», — деп жазылган. 2-категориядагы айып пулдун көлөмү жеке жактар үчүн 3 миң, юридикалык жактар үчүн 13 миң сомду түзөт.

Коомдук транспортторго канча адамга чейин салууга уруксат берилери жана ашыкча жүргүнчү салган айдоочуларга кайсы мамлекеттик орган айып пул салары тууралуу билүү үчүн Транспорт жана жолдор министрлигинин адиси Нурмат Мусабековго кайрылганыбызда ал жүргүнчүлөрдүн саны боюнча так жобо жок экенин белгиледи.

«Ашыкча жүргүнчү салган коомдук транспорттордун айдоочуларына айып пул салуу боюнча мыйзам мурда эле бар болчу. Бирок мурда бул мыйзамдын ишке ашырылуусун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлдөчү. Жаңы жылдан баштап бул милдет биздин министрликтин алдындагы Авто, суу транспортторун жана салмактан тыш ɵлчɵмдөрдү көзөмөлдөө агенттигине жүктөлдү. Бирок азырынча бул мыйзам кандай ишке ашары белгисиз. Биринчиден, жүргүнчүлөрдүн санына коюлган атайын нормадагы чек жок. Экинчиден, аталган агенттикте 10дой гана инспектор бар. Алар бардык транспортторду текшерип турууга жетише алышпайт. Мындан сырткары агенттиктин кызматкерлеринин маршруттук таксилерди каалаган жерден тосуп, айып салууга укугу жок. Текшерүүнү коомдук транспорттордун акыркы аялдамасынан гана жүргүзүүгө мүмкүн. Мындай шартта унаасына ашыкча киши салган айдоочуларды аныктоого мүмкүн эмес.

Азыркы учурда биз мыйзамды толук изилдеп, кантип иш жүзүнө ашыруунун жолдорун аныктоо менен алектенип жатабыз», — деди Мусабеков.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов SUPER.KG`ге азыркы учурда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте маршруттук таксилерге түшкөн кишилердин санын чектөө боюнча жобо иштелип жаткандыгын билдирди.

«Жүргүнчү ташыган автобус, троллейбустардын завод тарабынан коюлган атайын нормасы бар. Маселе маршруттук таксилердин айланасында жаралууда. Анткени маршруттук таксилерде канча адамга чейин жүргүнчү салуу мүмкүн экендиги тууралуу чек жок. Учурда шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте жобо иштелип жатат. Айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун эске алуу менен, маршруттук таксилердин көлөмүнө жараша жүргүнчүлөрдүн санына белгилүү бир чектөө киргизилет. Азырынча чектөө жок болгондуктан айып пул салынбайт«, — деди Атыканов.

Бишкектеги 130-маршруттук каттамда иштеген Эдил Молдоканов айып пулдардын өсүшү айдоочулар үчүн оор болуп жатканын белгилеп, бийликтин бул кадамдарына каршы митинг уюштурулуп жатканын укканын кошумчалады.

«Ар кандай шылтоо менен айып сала бергени бийликтин эптеп каражат табуу амалына окшоп жатат. Эки жолу эреже бузулса 7 миң сом экен. Бул бир медайымдын 1 айда алчу маянасы менен барабар. Эми ашыкча жүргүнчү салса да айып салынат экен. Мен бир жолу каттамга чыкканым үчүн 10 литр күйүүчү май кетет. Майдын өзүн акташ үчүн эле маршруттук таксиме 47 адам отурушу керек. Мындан башка чыгымдар да бар. Өз чөнтөгүмдөн каражат чыгарып иштеп каламбы ошондо? Жакында ушул сыяктуу адилетсиздиктерге каршы айдоочулар митинг уюштурат экен деп угуп калдым. Качан, кайда болору белгисиз. Нааразычылык акциясы болсо барып катышмакмын«, — дейт Молдоканов.

www.super.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий