Бишкекте кичи автобустун жол киресин 12 сомго жогорулатуу сунушталды

Бишкекте коомдук транспорттун жол киресин кымбаттатуу сунушталууда.

Бул тууралуу шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев кабарлады. Анын айтымында, жол акыны борбордогу автобус жана троллейбустарда электрондук билет менен 8 сом, эгер нак төлөнсө 10 сом, ал эми маршруттук кичи автобустарда 12 сомго көтөрүү каралууда.

Бул боюнча сунушту шаардык кеңеш карап, чечим кабыл алышы керек. Түлөбаев бул маселе боюнча чечим кабыл алуу июль айына чейин создугушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Буга чейин шаардык мэрия маршруттук автоунаалардын айдоочулары менен жолугушууда жол кирени көтөрүүгө макул экенин билдирген.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий