Бишкекте «Той үчүн насыя алба!» аттуу акция өттү

Бишкек шаарында 10-февралдан 11ине караган түнү активисттер насыя алып той өткөрүүгө каршы акция өткөрүштү. Анда шаардын ар кайсы жерине, өзгөчө банктардын кире беришине «Тойго насыя алба!» деп жазып кетишти.

— Биз банктардын ишмердүүлүгүнө каршы эмеспиз. Банкка келгендер биздин билдирүүнү көрсүн деген максатта жасадык. Азыр адамдар ишкерлик үчүн эмес, ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө насыя алып жатканы бизди тынчсыздандырат. Анан карызга батып, насыяны төлөө үчүн чет өлкөдө иштеп жүрүшөт, — деп жазышты уюштуруучулар.

Активисттер алардын үлпөт тойго, өлүм-житимге насыя алган ага-эжелери беш жылдан ашуун убактан бери карызын төлөй албай жатканын билдиришкен.

Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны бир жылда жүз миңге көбөйгөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын январь-июнь айларында 133 миң 874 адам насыя алса, 2018-жылдын жарым жылында алардын саны 220 миң 481 адамга жеткен.

Буга чейин статистика комитети кыргызстандыктар той-аш өткөрүү үчүн жыл сайын 2 млрд. доллардан ашык акча жумшай турганын билдирген.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий