Бул беш жаныбарды атууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда жапайы жаныбарларга жана кайберендерге аңчылык кылууга 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталууда. Буга байланыштуу мыйзам долбоордун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, анда беш жаныбарды атууга тыюу салынып жатат.

— Мурда биз Кызыл китепке кирген жапайы жаныбардын бардыгына мораторий киргизүүнү сунуш кылганбыз. Анын ичинде улары да, кекилиги да болчу. Көбү каршы болуп, мыйзам долбоору өтпөй калган. Бул жолу аркар, кулча, тоо теке, эчки, элик жана доңуз деп бешөөнү бөлүп алдык, муну колдоп жатышат.

Аталган мыйзам долбоору 11-февралда парламенттин тармактык комитетинде талкууланат.

Буга чейин аңчылыкка уруксат алуунун баасын да көтөрүү сунушталган.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий