Астанада 4 бала иске ууланып, ооруканага жаткырылды

9-февраль күнү кечинде Астанадагы эки кабаттуу жатаканада өрт чыгып, бир эле үй-бүлөнүн 2006, 2009, 2012 жана 2013-жылы туулган балдары иске ууланды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жатакананын бөлмөлөрүнүн биринде өрт чыгып, кийим-кече жана эмеректер өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүү кызматынын куткаруучулары 10 кишини жана бир баланы өрттөн алып чыккан.

Бир үй-бүлөдөн ууланган төрт бала ооруканага жаткырылды.

4-февралга караган түнү Астананын Көктал-1 конушундагы үйдү өрт чалып, 2006, 2008, 2013, 2015 жана 2018-жылдары туулган бир тууган кыздардын өмүрүн алган. Өрт чыккан учурда кыздардын ата-энелери түнкү нөөмөттө жумушта болушкан.

Ошондон бери Казакстандагы балалуу аялдар ар кайсы шаарларында чогулуп, социалдык маселелерди көтөрүп чыгып, бийликке талап коюп келатышат.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий