Өзбекстандык кыз курбусу менен жыныстык катнаш үчүн жолуккан жигитин бычактап өлтүргөн (видео)

«Өзбекстан 24» телеканалы аркылуу Ташкент шаарынын тургуну — Фиркат Рамазоновдун өлүмү боюнча укук коргоо органдары менен биргеликте даярдалган репортаж көрсөтүлдү. Маркум сүйгөн кызы менен үйлөнүүнү да пландап, бирок алардын мамилеси өлүм менен аяктаган.

Маалыматта айтылгандай, Фиркат Рамазонов менен Дильфуза Жалилова 3 жыл кыз-жигит болушкан. Алар үй-бүлө курууну пландап, бирок Фиркаттын апасы кызды жигитке татыктуу эмес деп эсептеп каршы чыккан. Мындай тоскоолдуктардан кийин эки жаштын ортосунда тез-тезден уруш болуп, узакка созулган таарынышуудан кийин Дильфуза Фиркатты текшерүүнү каалаган. Бул үчүн дос кызы Мадинадан жардам сурап, ал Фиркат менен жакындан мамиле түзүп, кызыктыруу максатында интимдик мүнөздөгү сүрөттөрүн жөнөтүп баштаган. Жыныстык катнаш сунуштап, жолугушууну да белгилешкен.

Бул тууралуу кабардар болгон Дильфуза алардын жолугушуусунда Фиркаттын моюн тарабына бычак сайган. Кылмышты жашыруу максатында кыз өзүн дагы бычактап, анын өмүрүн дарыгерлер сактап калышкан. Ал эми оор жаракат алган жигит көп узабай каза болгон.

Тергөө учурунда Дильфуза маалыматтарды чаташтыруу максатында күнөөнү Фиркатка жүктөгөнгө аракет кылган. Бирок укук коргоо органдарынын кылдат текшерүүсүнөн кийин окуянын чоо-жайы белгилүү болгон. Бул кылмышы үчүн Дильфуза 10 жылга эркинен ажыратылды.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий