Илим Карыпбеков: сериал боюнча каралоо жүрүп жатат

Коомдук биринчи каналдын башкы директору Илим Карыпбеков КТРКда көрсөтүлүп бүткөн «Ак шоола» сериалындагы ала качуу сюжети боюнча сындарга жооп берди. Анын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарында сериалдын үзүндүсү гана көрсөтүлүп, «кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы менен курулай каралоо жүрүп жатат».

— Ала качууну КТРК ойлоп тапкан жок. Бул, тилекке каршы, коомубузда болуп жаткан көрүнүш. Биз сериалда элди «ала качып турмуш кургула» деп үгүттөгөн жокпуз. Болгону турмуштагы бир көрүнүштү чагылдырдык. Кинодо ар кандай учурлар чагылдырылат.

Учурда жергиликтүү айрым массалык маалымат каражаттарында «Ак шоола» сериалындагы ала качуу сюжети боюнча ар кандай сындар айтылып, КТРКны айыпташууда.

КТРК 2018-жылдын октябрь айынан тартып «Ак шоола» аттуу жаңы сериал көрсөтө баштаган. 22 сериядан турган тасма телеканалдан көрсөтүлүп бүткөн. Сериалда чындыкты издеген Акшоола Асанова аттуу журналист кыздын айланасындагы интрига, жек көрүү, сүйүү чагылдырылган.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий