Феминисттер укук коргоо органдарын коркутууга реакция кылууга чакырышты

8-март күнү «Аялдардын тилектештик шаарчасы» маршын уюштурган феминисттик уюмдардын өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, учурда аларды «Кырк чоро» уюму, депутаттар жана башка белгисиз адамдар коркутуп жатканын айтты. Алар Ички иштер министрлигинен, Бишкек ШИИБинен жана өкмөттү мындай иш-аракеттерге чара көрүүнү өтүндү:

— Чындыгында марштан кийин коомдо болгон жек көрүү көбөйгөн жок. Болгону ал ачыкка чыкты. Зомбулук, басынтуу, кемсинтүү күндө орун алып келет. Социалдык тармактарда мунун баары жазыла баштап, ачыкка чыга баштады. Кечээ түз эфир учурунда «​Кырк чоронун» лидери биздин активистти ачык эле кортута баштады. Биз өкмөттөн ушундай учурларга реакция кылышын талап кылабыз. Ошондой эле депутат тарабынан да көптөгөн жек көрүү чакырыктары айтылып жатат. Жаран кандай социалдык макамды ээлебесин, ал мындай чакырыктары үчүн жоопкерчилик алыш керек, — деди активист Надира Масюмова.

8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон. Ушундан улам айрым уюмдар «жыныстык азчылыктарды жактаган жүрүш болду» деп шаардын бийлигин жана ага катышкан активисттерди сынга алышууда.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий