Кыргыз-тажик чек арасында жол куруудан улам чыр чыкты (видео)

Жергиликтүү тургундар Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникаларды алып бара жатканда Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары таш менен урушканын, чек арачылардын кызматтык унаасынын терезесин сындырганын айтышууда.

Ал ортодо эки тараптан тең тургундар топтолуп, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыңалган абалды жайгаруу үчүн чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок чыгарган.

Учурда чыр чыккан аймакта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тартип коргоо кызматкери жүрөт.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтө турган Ак-Сай-Тамдык көз карандысыз жолун куруу иштери башталган.

Kalys.media

 

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий