«Ала-Тоо 24» каналынын журналисти жамаатка айлык берилбей жатканын айтып чыкты

«Ала-Тоо 24» каналынын жамаатына айлык акы 15 күндөн бери кечиктирилүүдө. Бул тууралуу каналдын жооптуу редактору Тариэл Чунгулов маалымдады.

«Азыр айрымдары тамак ичерге, жол киреге акчасы жок калышты. Арасында насыя төлөй тургандары банктардын оозун аке-жакелеп эптеп басып келип жатышат. Кызматкерлер митингге чыгабыз, иш таштайбыз дегенге чейин барышууда.

Ушул өкмөт бөлгөн акчаны убагында кызматкерлерге таркатып койгон кыйынбы? Же маселе биздин финансылык бөлүмдөн кетип жатабы бүдөмүк. Илим Карыпбеков маселени айдын башында эле көйгөй жаратпай чечип берем дегендей кылды эле, жарым ай өттү же андан кабар жок. Эл укпасын деп жашырып-жаап, сооротконго деле болбой калды же көчөгө митингге чыкмайынча өлкөдө маселе чечилбей калганбы?» — дейт Чунгулов.

Ошондой эле ал жамаатта жалгыз бой энелер да бар экенин, алар күндө балдарына эмне азык алып барарын ойлонуп, баш катырышарын кошумчалады. Аймактагы журналисттер да маяна менен жашагандыктан жүдөп кетишкенин белгиледи.

КТРК жетекчилиги азырынча бул маселе тууралуу жооп бере элек.

Өткөн жылдын 21-ноябрында да КТРКнын 48 айдоочусу иш таштаган болчу. Алар мындай кадамдарын автотранспорт цехинин директорунун жумуштан себепсиз кеткендиги менен байланыштырган.

КТРКнын учурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков бул кызматын 19-мартта жаңы директор Жайнак Үсөн уулуна өткөрүп берери маалымдалган.

 

www.super.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий