«Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов кармалды

Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалып белгисиз жарандар тарабынан ташталган эки жарандын өлүмүнө шектелип жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн,11-апрелде криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан кармалган. Учурда сурак жүрүүдө.

Буга чейин Чүй облусунун 1984-жылы туулган Т.М. жана 1981-жылы туулган А.И. аттуу жарандары кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Маалымат боюнча алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Мурда бир нече жолу соттолушкан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Ленин РИИБине 9-апрелден 10-апрелге караган түнү саат 01:45 чамасында Бишкектеги №2 төрөт үйүнө эс-учун жоготкон абалда 2 жаран жеткирилгени тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Анда №2 төрөт үйүнүн алдыңкы эшигине белгисиз жарандар катуу сабалган 2 жаранды таштап кетишкени белгилүү болгон. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.

www.super.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий