«Миссис Кыргызстан — 2019» наамынын жеңүүчүсү Миргүл Бообекова «Аалам сулуусу» сынагында Кыргызстандын намысын коргойт

Кечээ, 10-апрелде борбордогу ресторандардын биринде Рыскуль Намазбекова уюштурган»Миссис Кыргызстан — 2019″ сулуулук конкурсунун финалы болуп өттү. Анда, бир үй-бүлөнүн түндүгүн кармап, очогун тутандырган айымдар өздөрүнүн таланттарын тартуулашты. Алгач подиумда басып, сахнада өзүн алып жүрүүсүн көрсөтүшсө, андан соң, улуттук кийимдери жана кече көйнөктөрү менен кериле басышты.  Жыйынтыгында, 35 жаштагы Миргүл Бообекова жеңүүчү болду. Эми ал Кыргызстандын намысын «Аалам сулуусу» сынагында коргойт. Рыскуль Намазбекова, сынактын максаты — үй-бүлөлүү келиндердин бардык жакта активдүүлүгүн көрсөтүп, башка кыз-келиндерге үлгү болуу экенин айтып өттү. 

 

 

 

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий