Москвада Кыргызстандын жараны киши колдуу болду

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарында болгон кылмышка байланыштуу жергиликтүү укук коргоо органдарына кайрылды. Элчиликтин маалыматына караганда, 11-апрелде Москванын түндүк-чыгыш тарабындагы көлмөдөн кишинин сөөгү табылган. Иликтөө учурунда ал катуу сабалып өлтүрүлгөнү аныкталган.

Көлмөнүн жээгинен канга боёлгон таштар, рюкзак, бут кийим, документтер жана 500 рубль акча табылган.

Маркум 29 жаштагы кыргызстандык болуп чыкты, Москвада ал эч жерде иштечү эмес.

Бул окуя боюнча “Атайылап киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга чет мамлекеттерден эки жүздөн ашуун мигранттын сөөгү келген. Анын 90% Орусиядан.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий