Кыргызстанда расмий никеси жок үй-бүлөлөрдө төрөлгөн балдар көбөйдү

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2013-2017-жылдары расмий никеси жок үй-бүлөлөрдө төрөлгөн балдар жалпы ымыркайлардын 26% түзгөн.

2017-жылы бейрасмий никеде төрөлгөн балдардын 20 миңи ата-энесинин арызы менен каттоого алынса, 16 миң ымыркай энесинин гана арызы менен катталып, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган.

Никесиз туулган балдардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда жашайт. Бул көрсөткүч боюнча кийинки орунда Чүй облусу турат.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий