Майлуу-Сууда 2 ай мурда жоголгон окуучу кыздын денеси адырдан табылды

Майлуу-Суу шаарында 18-февралда дайынсыз жоголуп изделип жаткан 16 жаштагы Камила Абдубаитованын денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын туугандары билдирди.

Маалыматка караганда, Камиланын денеси эртең 15-апрелде жерге берилет.

«Өкүнүчтүү, карындашымдын жансыз денеси бүгүн 14-апрель күнү табылды. Эртең менен үйдө олтурсам адырда мал кайтарып жүргөн досум байланышып, адырда кызыл түстөгү бир нерсе жатканын айтты. Барып карасам карындашым экен. Учурда сөөк Майлуу-Суу шаардык ооруканасынын сөөк сактоочу жайында. Эртең 15-апрелде Жалал-Абаддан соттук-медициналык экспертизадан адамдар келип, сөөктү тазалап, жууп, ороп бизге өткөрүп беришмей болду. Акыркы сапарга узатууну эртең түштөн кийинкиге белгиледик», — деди алар.

Камиланын дайынсыз кетип калуусуна үй-бүлөсү аны ымыркай кезинде багып алышкандыгын билип калгандыгын себеп болгон.

«Биз аны жашырып, качан 18 жашка чыгып, өткөөл мезгилден өткөндөн кийин айтабыз деп жүргөнбүз. Бирок ал жөнүндө мектептен билип калып капаланып, ыйлап жүргөн. Мындай кыларын эч кимибиз күткөн эмеспиз. Азыр баарыбыз кайгырып жатабыз», — деди туугандары.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 21-февралда Майлуу-Суу шаарында 16 жаштагы Камила Абдубаитова 3 күндөн бери дайынсыз жоголгону кабарланган.

Анын бир тууган агасы Бексултан Абдубаитов милицияга дагы кайрылышкандыгын билдирген.

«Карындашым №2 мектепте 10-класста окуйт. 18-февраль күнү саат 10:00дор чамасында мектепке сумкасы жок бара жаткан. Чоң энем эмне үчүн сумкасын албаганын сураганда, ал мектепте ишембилик болорун айтып чыгып кеткен. Ошол бойдон үйгө кайтып келген жок, үйдө жаңжал деле болгон эмес. 3 күндөн бери издебеген жерибиз калган жок, милицияга кайрылдык. Өзүнүн телефонун да үйгө таштап кетиптир», — деген болчу агасы.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан бул боюнча арыз түшүп, кызды издөө иштери жүрүп жаткандыгын билдиришкен болчу.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий