Ок тийип каза болгон келиндин 7 айлык кызы калды. Курал кайын атасына тиешелүү болчу

Кара-Балта шаарында ок тийип каза болгон 30 жаштагы келиндин артында 7 айлык кызы калды. Окуя тууралуу 11-апрелде Жайыл РИИБге райондук аймактык ооруканадан маалымдалган.

Окуя болгон жерге барган ыкчам топ аныктаган маалымат боюнча, ошол күнү саат 14:00 чамасында Х.М. курал менен өзүнө карата ок аткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, ок төшүнүн сол жак тарабына тийип, ошол жерде каза болгон.

Ал өз өмүрүнө кол салганга чейин өлүмүнө эч ким күнөөлүү эместиги тууралуу кат да жазып калтырган. Ал эми СКС үлгүсүндөгү 7,62 мм курал расмий түрдө маркумдун кайын атасына — 59 жаштагы Х.В. аттуу жаранга катталганы аныкталды.

Кайын атасынын айтымында, куралын дайыма сейфте сактап келген. Окуя болгон күнү келини анын үйүнө конок болуп барган. Кайсы учурда сейфтин ачкычын, анын ичиндеги куралды алганын байкабай калышкан.

Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, маркум Х.М. жолдошу экөө 7 ай мурун кыздуу болуп, бирге жашап жатышкан. Ал эми кошуналары бул үй-бүлө жетиштүү турмушта, жакшы жашап келишкенин айтышкан болчу. Мурунку наристесинен курсагындагы кезинде эле айрылган.

Бул факт Жайыл РИИБ тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери улантылып жатат.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий