Чым-Коргондогу ооруканада каза болгон адамды тайыз жерге көмүшкөн. Мекеменин жетекчиси эмне дейт? (видео)

Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы психиатриялык ооруканада каза болгон адамды тайыз жерге көөмп коюшкан. Бул тууралуу айыл тургундары аймактык кабарчыга билдиришти.

Тургундардын айтымында, адамдын сөөгү мынчалык тайыз жерге көмүлбөшү керек.

«Ушул жылдын 18-апрель күнү түштөн кийин ооруканада каза болгон кишини 60 сантиметр казылган жерге көөмп жатышыптыр. Биздин айылдыктар аны видеого тартып алышкан экен. Биз бул нерсеге кыжалатпыз. Себеби, бизде чөө жана жолбун иттер көп. Алар тайыз жерге көмүлгөн сөөктү эртең эле сүйрөп чыгышат» — дешти айыл тургундары.

Ал эми аталган оорукананын жетекчилери бул боюнча өздөрүнүн версиясын билдиришти.

«Биз кайра трактор менен жерди терең казып, тиешелүү эрежелерге ылайык көмдүк. Негизи көр кишинин бою чыкпай тургандай кылып терең казылат. Бул таштак жер болгондуктан биздин кызматкерлер тайыз казып коюшкан окшойт. Мындай нерсе биринчи жолу болду.

Биздин жумуш өтө оор. Оорулуу адамдардын көбүнүн туугандарынан кабар жок болот. Ошондой адамдарга айыл өкмөттөн бөлүнгөн атайын мүрзө бар. Эгер оорулуу адам каза болсо, анын туугандарына кабар берип, 3 же 5 күн күтөбүз. Эгер туугандары жок болсо, анда биз ушул жерге көмөбүз», — деп билдиришти ооруканадан.

Аталган ооруканада 400дөй адам дарыланса, 1000ге жакын кызматкер эмгектенет.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий