“Көздүн астына түшкөн бырыштарды операциясыз эле кетирсе болот”. Кулабаева Мира Советовна: “Скульптуралык массаж — адамды 10-15 жылга жашартат”

Бетке жасалуучу скульптуралык массаж деген эмне? Анын уникалдуулугу…

Бетке жасалган скульптуралык укалоо — адамдагы чыңалып калган психикалык кыйналууну жана чарчоону жок кылат. Бул массаж сулуулук үчүн эле эмес, көздүн көрүүсүн, мээнин иштөөсүн жана кан айланууну жакшыртып, мээге кислород жеткирип, унутчаактык  жоголуп, даамды сезүүнү, жыт билүүнү ойгонтот. Мунун уникалдуулугу — массаж алып жатканда дене оорубайт. Ошондой эле, массаж жасалып бүткөндөн кийин организм болуп көрбөгөндөй тазарып, уулуу заттардан арылат. Терс энергия жоголуп, денедеги кара тактар кетип, бет агарып, ички органдардын иштөөсү жакшырат.Күндүн нурунан алган зыяндуу заттар жок кылынат. Себеби, күндүн нуру адамды өстүрүп да, өлтүрүп да коё турган күчкө ээ.

Натыйжасы:

Беттин түзүлүшү оңолот;

Жүзүңүз жылмакай болуп өзгөрөт;

Ээктен чыгып турган эт жоголот;

Мимикалык бырыштар жазылат;

Көздүн тегерегиндеги шишиктер кетет;

Каштын үстүндөгү бырыштар жазылат;

Моюн териси дагы чыйралат;

Бет тазалоодон чыккандай жаркырап калат;

Беттин терисиндеги кара чекиттер азаят;

Беттеги тешикчелер кичирейет.

 

 

 Канча жаштан тарта жасатууга болот?

Негизи эле косметологиялык процедураларды 25 жаштан өткөндө колдоно баштаса болот. Аталган массаж 25 жаштагыларга майда бырыштырдын түшүүсүн алдын алуу үчүн жасалат. Жүзүңүзгө эртерээк кам көрсөңүз, картаюунун алдын алган болосуз. Адамдын терисинин 20%ы гана жаш куракка жараша өзгөрбөсө, 80% кароо келишпегендиктен улам картаят. Ошондуктан бардык нерсенин алдын алса жыйынтык натыйжалуу болот. Адам жаштыгы – анын кыймыл аракетине, туура тамактанганына, жашоо образына жана жан дүйнөнүн абалына жараша сакталат. Пайдалуу азыктарды жеп, көнүгүүлөрдү такай жасап, жүзүбүзгө кам көрүүнү адатка айлантсак, айланага да өзүбүзгө да жыргал сезим тартуулайбыз.

 Скульптуралык массажды канча убакытта бир жасатып туруу керек?

Негизи скульптуралык массаждын толук курсу10-15 күн болот. Ал эми 25 жаштан 30 жашка чейинкилер 6-7 курс жасатса болот. Ошондой эле теринин абалына жараша да аныкталат. Бул массажды үйдөн деле өз алдынча жасоого болот, эгерде үйрөнүүнү каалоочулар болсо биздин эшик ар дайым ачык. Айта кетчү нерсе, бетке скульптуралык массаж жасаткан соң, ага көз каранды болуп калбайт. Бул операциясыз жашаруунун зор жолу.  Биздин дарек: Рыскулов көчөсү 34, Уметалиев 113 көчөсү менен кесилишет. @spa_salon_jemchug Байланыш телефондор: 0559 58 55 88, 0500- 58 55 88. Gezit.kg сайтынын окурмандарына арзандатуу каралган!

 

 

 

 

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий