Бишкекте уран иштетүүгө каршы акция өттү

Бишкек шаарында 15 чакты киши Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы акцияга чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» жарандык активист, акциянын катышуучусу Аманбол Бабакулов билдирди:

— Балыкчы шаарынан келген жарандык активисттер «уран кенин иштетүүгө эл уруксат берген эмес» деп айтып жатышат. Алар кенди иштетүүгө каршы. «Эл уруксат бергени тууралуу маалыматтар калп» деп айтышты.

Бабакуловдун айтымында, май айында уран кенине каршы масштабдуу акцияларды өткөрүү пландалып жатат.

Кенди чалгындап жаткан «Юразия в Кыргызстане» ЖЧКсы Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы болуп саналат. Анын 60 пайызына орусиялыктар ээлик кылса, 40 пайызы Кыргызстанга таандык.

Кенди чалгындоого лицензия 2010-жылы алынган. Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы, 31-декабрда бүтөт.

2015-жылы Кызыл-Омполдун Таш-Булак тоо-кен участкасы мамлекеттик баланска коюлган. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.

Буга чейин жергиликтүү тургундар «экологияга зыян келет» деп бир нече жолу нааразылык акциясын өткөршкөн.

Маселени иликтеш үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү. 20-апрелде комиссия мүчөлөрү менен жолуккан бир катар жергиликтүү тургундар кенди иштетпөө тууралуу талап коюшту.

Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат. Аны азырынча 800гө жакын киши колдогон.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий