Атасы сабаган 6 жашар бала ооруканага түштү

Атасы сабаган алты жашар бала ооруканага түштү. Бул маалыматты Бишкек милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Улан Жумаков «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

12-майда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катуу сабалган баланы балдар ооруканасына жеткиришкен. Иш боюнча Жазык кодексинин 75-беренесинин 2-пункту боюнча («Үй-бүлөдөгү зомбулук») кылмыш иши козголду. Баланы атасы урганы айтылып жатат. Азыр экспертиза дайындалды. Үй-бүлөнүн кошуналары баланын атасы аны тарбиялоо максатында сабаганын «Азаттыкка» билдиришти.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий