Ит менен байланышкан өлүм… (болгон окуя)

Бул качанкы окуяны чоң энем раматылык дайыма оозунан түшүрбөй айтып отураар эле. Биз үчүн, анча билинбегени менен, чоң энем өзүнүн арманын айтчу тура бизге…

-Силердин атаңар — менин тун уулум. Ырас, азыр жалгыз эле караанар-карманаарыбыз ошол болуп калбадыбы, чоң атаңар экөөбүздүн,- деп баштачу энем сөзүн.

— Бирок, мен андан кийин эгиз уул төрөгөм. Оо, ананайындарым, алар аман болсо бул жалгызыма канат-бутак, калдайган караан, арка-бел болуп беришпейт беле…

Энебиз катуу үшкүрүнүп алчу. Биз анда кичине элек да. Чүкөдөй кичине кемпирдин оозун карап отура берчүбүз. Бизге кызыктуу жомок айтып жаткандай туюлчу. Көрсө, ал жомок эмес экен.

…Төрөлгөн эгиз уулунун атын Асан, Үсөн коюшат. Алар дагы атына заты жарашып деле жылдыздуу балакайлардан болушчудай. Эми, «бешиктеги баланын бек болоорун ким билет» дегендей эле да. А балким, чын эле ошондой бек болоор азаматтардан болушмак беле, ким билет? Эгер ортодогу бир табышмактуу окуя болбогондо…

Кадимкидей эле бейпил таң атып тиричилик баштаган. Оо, анда тээ кыркынчы жылдары Таласта тамеки өстүрүү күч алып, бала-чаканын, аял-атпайдын кара күчү бүт эле тамекиге жумшалып турган чак болчу. Атайын салынган узун-узун сарайларда, шыйпаңдарда талаадан жулунуп алып келишкен тамекини ийнеге тизип, жипке өткөзүп, айтор, ар ким өздөрүнүн күчү жеткен иш менен алектенмей. Тизүүгө көбүнчө жаш балалуу аялдар отурушат. Керек болсо, бешигин кошо көтөрүп алып барып, керээлден-кечке ошол жерде отурмай. Алардын ичине Күмүшай (чоң энемдин атын өзгөрттүм) дагы бар эле. Эгиз уулдарын эки жагына көтөрүп, чуркап калган уулун ээрчитип тээ таң азандан тамеки сарайга келмей.

Балдары кечке чейин жакшы эле отурушкан. Кечинде үйгө келе жатканда экөөсүнүн тең эти ысып чыкканы байкалды… А үйдө кичинекей кара күчүк бар эле. Уктаганда дайыма төрт аягын асманга көтөрүп уктачу. Байкуш ал деле баладай сүйкүмдүү… Балдар менен тоголонуп ойноп, борсулдап үрүп, жаңыдан эле чоңоюп келаткан. Негедир ошол кечте чебеленип эле ошол күчүктүн тынчы кетип, куйругу артына кыпчылып, бир башкача үн чыгарып кыңшылап калган. Балдардын табы айнып турганына дүпөйүл болгондон улам ал күчүккө көнүл бөлүнгөн жок.

-А биздин жаңылыштык дал ошондо кетиптир! Эгер ошол түнү кара күчүктү кайтарып аман алып калганда, анда уулдарьш да түндөн түгөл чыкмак экен!… Эненин каңырыгы түтөп сөзүн андан ары улачу.

Анда эмне, жалпак там. Тамдын бир капталына жайы менен жайган тезектер кынаптап жыйылып турат. Кеч кирип, көз байланган күүгүмдө күчүктүн көзү ошол тезек жактан өтүп катуу кыңшылап жиберип жатты. Ал эми эгиз балдардын эти катуу кызып чыгып, чабалактап, колго токтобой чырылдап, акактап турушту. Анда врач деген жок. Ар-ар ким өз билишинче бала өстүрүп, эптеп эле катарына кошушчу тура. Ошондо

да каада-салтты, ырым-жырымды билген кемпир-кесектерге чуркап бири аргасын издешсе, балким башкача болоор беле?! Бирок, окуя мынчалык бат жана курч өнүгүп, арты өкүнүч менен аяктаарын ким ойлоптур?

Кой, тынчыраак жатып укташсын деп экөөсүн эки бешикке бөлөп, алмак-салмак терметип, үрпөйүп отурушту ата-эне. Жайдын күнү болгондуктан түн бир оокуму болсо дагы каалга ачык турган. Бир маалда эле катуу кыңшылаган алиги күчүк томпоңдоп чуркап келип эле бир бешиктин алдына кирип кетет. Ансыз дагы жандары бир ууч болуп турган ата-энеге күчүктүн бул кылыгы жакпай, желкесинен аткый кармаган ата аны эшикти көздөй атып урат. Ага деле болбой кайра үйдү көздөй жанталашкан күчүк экинчи баланын бешигинин алдына кире качат.

-Оо, атаңы десе, буга эмне болуп калган бүгүн. Сен эле жетишпей турган элең! — деп эми кыжыры чындап кайнаган эркек күчүктү кайра такып, алыс ыргытат да, үйгө кирет. Ошонун ортосунда бир аз эле убакыт өттүбү, жокпу, бир маалда алиги күчүктүн «каңк» эткен үнү угулуп, дүпө-дүп эткен дабыш чыгып, караңгы түнгө сиңип жоголот. Ошол үн менен кошо эне жүрөгү тыбырап, бир балээни эми гана сезгендей болуп катуу сестенет…

…Таңкы жылдыз тарап бара жатканда эки уулу тең үзүлүп, бешиктери бош калат… Ошол таңда кичинекей кара күчүктү эч ким эч жерден көргөн эмес. 2-3 күн өткөн соң там айлана берген Күмүшай кара күчүктүн терисин табат. Ал жыйылган тезектин артында жатыптыр. Кызык, эч жеринде тытылган эч нерсеси жок. Кадим эле чанач кылыш үчүн атайын союлган эчкинин терисиндей бүптүнүп болуп, ортосундагы эле эти жок!

Бул үйдөгү болгон окуяны уккан айылдагы көптү көргөн карыя: -Ээ айланайындар! Бул күчүк сырттан турбайбы! Анан да, бекеринен ал бешиктин алдына кире качан да эмес. Негизи, эгиз балдар менен ал күчүктүн ортосунда өз ара табышмактуу бир байланыш болгон. Ошол түнү күчүктү башка бир сырттан чалып кеткен. Себеби, сырттанды-сырттан гана тааныйт жана алар бири-бирин жоготпосо болбойт. Сырттан — бирөө гана болуш керек. Байкуш күчүк али баралына жете элек болчу. Ошон үчүн арга издеп үйгө чейин кире качып жансоогалап отурбайбы. Дагы бир баса белгилечү нерсе, ошол түнү күчүктү аман алып калганда, анда эки уулуңар тең аман-эсен чоңоймок. Муну менен айтаарым, бул балдар дагы жөнөкөй балдар эмес болчу. Эгер аман калышса, сөзсүз алардан эң кыйын, мыкты, чыгаан адамдар чыгышмак. Кап, алдырып жиберген турбайсыңарбы, чалдырып жиберген турбайсыңарбы, сырттандарды! -деп жер сабайт…

Ошентип, сырттан жөнүндөгү баянды чоң энебиз бизге көп эле жолу айтып берген. Азыр эсимде калганы ушулар экен. Сырттандарды кичинесинен калкалап-сактап чоңойтпосо, аны башка сырттандар чалып кетиши мүмкүн экен… Абайлап, байкап көрүңүздөрчү, а балким сиздин күчүгүңүз да сырттан болуп жүрбөсүн?

Сабира К. Кызарт айылы Жумгал өрөөнү

Булак: Шамбала

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий