Кытай кыргыз милициясына 4 млн. долларлык жабдык алып берет

14-майда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи баштап келген делегация менен жолугушту. Алар эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап, протоколдорго кол коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

«Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосунда кайтарымсыз негизде милицияга материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө» протоколго ылайык, 30 миллион юань (4 365 397.56 АКШ доллары) суммасындагы жабдыктар берилет.

Бул техникалдык жардам ички иштер органдары тарабынан коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында, анын ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитин өткөрүү маалында колдонулат.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий