Аба ырайы: күн ысыйт

15-майда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29,

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29,

Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…24,

Нарын аймагында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 26…28 градус болот. Жаан-чачын жаабайт.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий