«Үч тамга чыкпайт дешти»: Д.Токтобаев жин оорусуна кабылган иниси үчүн ишин таштап, үй-бүлө күткөн эмес (видео)

Ат-Башы айылынын тургуну Үсөнбай Токтобаев 30 жылдан бери шизофрения (психикалык оору) дарты менен жабыркап келет. Аны учурда агасы Дүйшөнбай Токтобаев багып жатат.

Үсөнбай Токтобаев 1964-жылы Ат-Башы айылында туулган. Ал мектепте жакшы окуган. Музыкага жакын болгондуктан Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы окуу жайда билим алып, азыркы белгилүү ырчылар менен курсташ болгон. Бирок 2-курста окуп жүргөндө аталган ооруга чалдыккан.

Дарыгерлер шизофрения деген диагноз коюп, 1-топтогу майыптыкка чыгарышкан. Анын агасы Дүйшөнбай Токтобаев кесиби боюнча музыкант, убагында​ ​ «Долон», «Үмүт», «Кыз-Бурак» топторунда эмгектенчү. Бирок бир тууган иниси ооруп калгандыгына байланыштуу тандаган кесибин таштап, убактысынын баарын инисине арнап келет.

«Иним гитараны укмуш ойночу.​ Филармонияда​ А.Иманалиева, Д.Жусаева, Т.Черикчиева менен окуп жүрчү. Бул дартты​ дарыгерлер айыктыра алышпайт экен. Молдолор инимдин оорусу күчөп кеткендигин, эми ичиндеги үч тамга чыкпай тургандыгын билдиришти. Кээ бир дарыгерлер аскерге барган учурда башынан жабыркаган дешкен.​ 30 жылдан бери ооруйт. Студент кезинде, тактап айтканда 20 жашында ооруп калды.​ Үй-бүлөсү, балдары жок. 1-топтогу майып. Негизи мындай адамдарга Акаевдин убагында жакшы жардам болчу. Азыр айыл өкмөттөн көмүр берет,​ 6400​ сом пенсия алат. Андан башка эч нерсе жок. Өзү менен өзү сүйлөшөт, оорусу кармайт.

Өзүмдүн үй-бүлөм жок. Мурда белгилүү ансамблдерде иштедим. Иним үчүн иштебей үйдө отурам. Өзүм ырчымын, кетип калсам деле болмок, бирок карыган ата-апаларыбыздын колуна таштап кетүү мүмкүн эмес болуп калды», — деди ал.

Дүйшөнбай Токтобаев 4 бир тууган: эки эркек, эки кыз.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий