2-январга карата жылдыз төлгө

Кой

Таасирленип, өзүңүздү чарчаңкы сезесиз. Оор эмес үй жумуштары менен алектенүү сунушталат. Олуттуу жумуштары азырынча коё туруңуз дешет жылдыздар. 

 

Букачар

Баардык жумуштарды ирээтке келтирүүгө жана мурда оор сезилген иштерди аткарууга ылайыктуу күн. Ушактарга маани бербеңиз жана өзүңүз да сүйлөбөңүз. 

 

Эгиздер

Күтүлбөгөн жерден кыйынчылыктарга туш болосуз. Достордон жана кесиптештерден жардам сураңыз. Карызга акча албаңыз жана бербеңиз дешет жылдыздар. 

 

Бөйөн

Баардык маселени чече аласыз. Буга туугандар жана жакындар колдоо көрсөтөт. Жаңы таанышууларга, эски достор менен жолугушууга ылайыктуу күн. 

 

Арстан

Жумушта кыйынычылыктар жаралышы мүмкүн, бирок тынчсызданбаңыз. Эч кимди сындабаңыз жана сабырдуу болуңуз. Электр буюмдарын пайдаланууда этияттаңыз. 

 

Бийкеч

Активдүү кадамдарга жана пайдалуу тааныштардын санын көбөйтүүгө кез келди. Кызыктуу сунуш аласыз. Эски, талаш жараткан маселер чечилээрин жылдыздар айтышат. 

 

Тараза

Жаңы иштер менен алектенип, көбүрөөк эмгектениңиз. Милдеттериңизди башкаларга жүктөбөңүз. Чала тааныш адамдар менен иш алып барбаңыз. 

 

Чаян

Келечекке план түзүңүз. Баардык учурда уяттуу болуңуз. Жакындар менен баарлашуу – энергия берет. Алардын кеңештерин да угуу – ашыктык кылбайт. 

 

Жаачы

Өтө көк бет жана түнт болбоңуз. Болбосо сизге каршы чыккан адамдардын саны көбөйөт дешет жылдыздар. Улуу муундагы туугандарга жакшылап көңүл буруңуз. 

 

Текечер

Жумушта да, жеке жашоодо да жакшы жыйынтыктарга жетесиз. Энергияңызды пайдалуу иштерге жумшаңыз. Сүйүү жаатында да жолуңуз болоорун жылдыздар айтышат. 

 

Суупери

Жумушта мыкты жыйынтыктарга жетесиз. Эмоцияга алдырбаңыз жана шашылыш чечим чыгарбаңыз. Кокусунан жолугушуулардан качканыңыз оң. 

 

Балыктар

Майда нерседен маселе жаратпаңыз. Жакындар менен жакшы мамиледе болуп, анча-мынчага көз жумуп коюңуз. Эс алууга жана күч топтоого ылайыктуу кез келди.

Инстаграм: @goroskop.kg

Добавить комментарий