Асема Токтобекова, актриса, ырчы: «Жакын адамдарым сатып кеткен учурлар болгон»

— Кош келипсиз! Баналдуу бирок, актуалдуу дегендей, кепти акыркы жаңылыктарыңыздан баштасак?..

— Чыгармачылыкты өстүрүүнүн аракетинде эле жүрөм. Жакында эле Кореяга барып келдим. Кыргыз-корей индустриясы биргелешип кино тармагында иш алып баруу боюнча кол коюлду. Кыргызстандын өкүлү катары 3 киши бардык. Ушунчалык сый көрдүк, өтө мыкты деңгээлде тосуп алышты. Алардын маданиятынын жогорулугуна баа берип, суктандым. Биз да ушул мааданиятка жетели деп тилек кылдым. Уюштуруучулардын айтымына караганда, атактуу актриса, актёрлер жүрүшүптүр, бирок,буга чейин корей кинолорун кууп көрбөгөндүктөн алардын көбүн тааныган жокмун. Кызыгы, биздин атактуу эле ырчылар сөзү-обону өзүмдүкү деп ырдап жүргөн ырларды, ошол жактан корей тилинде авторлордун аткаруусунда уктум. Ошондой эле өзүм режиссерлук кылган “Сүйүү күчү” деген тасманы кинофестивалдын алкагында сырттан келген режиссерлордун тар чөйрөсүнө көрсөттүк. Буйруса, жакында Кыргызстанда да көрсөтүлөт.

— Корея менен Кыргызстандын айырмачылыгы бир топ эле байкалгандыр?..

— Башта айтып өткөндөй эле маданияты бизден бир топ жогору экен. Көчөдө машинелердин катышуусунда ызы-чуу жокко эсе. Айдоочулар бирин-бири сыйлаганын көрүп таң калдым. Бир машина жолдон бурулуп жатса, экинчиси унчукпай күтүп турат. Анын аркасындагы үчүнчүсү дагы алдындагысынын шаштысын албайт. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден сөзсүз токтоп, өткөрүшөт. Машинени тыптынч, ачууланбай айдаганга толук мүмкүнчүлүк бар. Кыскасы, айдоочулук маданияты эң жогорку деңгээлде экен. А биздечи?.. Бири-биринен ашып өтүп жаткан, жол чырак белги берип баштаганда эле шашып өтүп аткан, кыскасы машине айдоодогу маданиятыбызды жогорулатышыбыз керек экен. Ал эми табияты боюнча айтсам, албетте Кыргызстанга эч бир өлкө тең келбейт.

— Кыргызстандагы эң мыкты режиссёр деп кимди билесиз?

— Менин устатым Эрнист Абдыжапаровдун эмгектерин баалайм. Агайымды мыкты режиссёр деп сыймыктануу менен айта алам. Техника жаатында түшүнүгүм болгондуктан башка режиссёрлор менен иштешсем тартуу иштерине кийлигише бермей адатым бар, ал эми Эрнист байке так мен ойлогондой тартат жана ал менен иштешүү мага бир топ жеңил.

— Өзүңүздү ар тараптуу талант катары көрсөтүп жүрөсүз, ырчылык, бий тармагында, актрисалык, режиссёрлук кесиптин бирөөсүн тандаш керек болсо, ким болмоксуз?

— Мм…(ойлонуп)… Айта албайт экенмин, менимче кино жагына көбүрөөк ыктасам керек.

— “Асема” десең көпчүлүгү “Боз салкын” тасмасындагы образыңызды элестетишет. Чыныгы Асема жашоодо кандай адам?

— Бирөөнүн жашоосуна мурдун тыккан адамдарды жек көрөм. Ошондуктан өзүм да ушул нерседен алыс болууга аракет кылам. Бирөө менен урушкандан корком, дегеним, көйгөй жаратуудан алыс болууга умтулам. “Кандай саламдашсаң, ошондой жооп аласың” деген принципти карманам. Дайыма жакшы пикир калтырам жана жагымдуу сөздөрдү көп угам. Ал эми менин дарегиме “негатив” пикирлер да болот, аларды укпайм, нервимди жөн эле коротпойм. Алдыга кадам таштап, өз оокатын кылып жаткан адамдардын катарын толуктайм.

— “Боз салкындан” кийин, кичинекей кыздардын ысымдарынан тарта, дүкөндөрдүн аталыштарынан бери “Асема” болуп кетти эле. Ушундай атактуулукка даяр белеңиз?

— Чынын айтсам жок, даяр эмес болгон экенмин. Анткени, баарына таанылып калгандан кийин ага чейин көчөдө ээн-эркин басып жүргөн жаным, аябай кыйналдым. Ооруп, жатып калган күндөрүм болду. Кадимкидей эркиндикти самадым. Кийин көнүп калдым.

— Атактуу болгондон кийин кантип өзгөрдүңүз?

— Жакын адамдар сатып кеткен учурлар болду. Мындан улам адамдардын чыныгы жүздөрүн биле баштадым. Көптөгөн сын-пикирлер айтылды. Элге таанылгандан кийин күчтүү болуп өзгөрдүм окшойт.    

     

— Сиздин дарегиңизге айтылган сын-пикирлер кайын-журтка да оор тийсе керек?..

— Жашоодо 2 нерсени туура тандаш керек экен. Өмүрлүк жар жана кесип. Жаратканым мага ушул эки нерсени тең бергенине ыраазымын. Кудайга шүгүр, жолдошум мени колдойт. Жолдошумсуз мен эч киммин. Апам (кайненем) болсо, “Эч нерсеге көңүл бурба, алдыга умтул, талантыңды көрсөт” кайра мага дем-күч берет. Мындай колдоо менен ким иштегиси келбесин, албетте, кубанып, алга гана умтуласың да. Бул мен үчүн аябай жагымдуу. Үй-бүлөң тынч болсо жан дүйнөң тынч болот экен. Мындай аялдык бакытты ар бир кыргыз кызына каалап өтөөр элем. 

— Көбүнчө өзүңүз режиссёрлук кылган тасмаларга тартыласыз, эмнеге?

— Биринчиден, өзүм режиссерлук кылып тарткан учурда «Көк жал» аттуу жалгыз толук метраждуу тасмам бар. Анда да башкы ролду эмес, 2-пландагы каармандын образын жаратканмын.  Өзүңүздөр билгендей эле ал тасмада башкы каармандын образын Азат деген актерубуз ойногон. Экинчиси тасмабыз «Сүйүү күчү» мына буюрса, жаз менен кошо чоң экрандарга чыгат деп күтүп отурабыз. Ал тасмада башкы каармандын ролун өзүм жараттым. Өз тасмаларымда өзүмдүн роль алышымдын себеби биринчиден идеяны ойлоп таап, кийин сценаристтер менен чогуу отуруп иштеп чыгам. Тасма бул өз перзентиңдей эле болуп калат эмеспи. Ал эми өз перзентин өзүнөн мыкты билбеген адам болбосо керек. Ошондуктан,  өзүм тарткан кинодо аялзатынын образын ойноо өзүмдүн купулума толот.

Маектешкен: Феруза КЕРИМАЛИЕВА

Эскертүү: Макаланы сайттан көчүрүп, жалпыга таратуу — редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн!

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий