6-январга карата жылдыз төлгө

Кой

Шашылыш кадамдарды жасабаңыз. Көп иштер кесиптештер, туугандар жана достордун жардамы менен чечилет. Колуңуздан келген гана жумуш менен алектениңиз.

Букачар

Учурдагы жумуштар ойдогудай болбосо да, тынчсызданбаңыз. Каржы, кесип жана үйдөгү маселелер оңой чечилсин десеңиз, наалыбаңыз дешет жылдыздар.

 

Эгиздер

Эч кандай жагымсыз жагдай күтүлбөйт. Шарт болсо эле өзүңүздү сүйүндүрүүгө аракеттениңиз. Жакындардын пикирин эске алууну унутпаңыз.

 

Бөйөн

Эмоцияга алдырып, туура эмес кадамдарды жасап ийбеш үчүн, ишенген адамыңыздан психологиялык кеңеш алыңыз. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз дешет жылдыздар.

 

Арстан

Эң маанилүү жумуштарды тандап, аларды катары менен аткарыңыз дешет жылдыздар. Баардык учурда сабырдуу жана токтоо болгонуңуз туура.

 

Бийкеч

Соода-сатык жана ортомчулук жаатта ийгиликтүү күн. Ошондой эле билим алуу, тажрыйбаны жогорулатууга да ылайыктуу кез дешет жылдыздар.

 

Тараза

Өзүңүз жасалма маселе жаратып, кайра аларды эрдик кылып жеңесиз. Ошого кесиптештер менен пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Андыктан реалдуу болуңуз.

 

Чаян

Азыраак иштеп, көбүрөөк эс алыңыз дешет жылдыздар. өнөктөштөр менен мамиле териштирбеңиз. Убакыт болсо, жеке маселелерди чечүүгө аракеттениңиз.

 

Жаачы

Үй-бүлөдө пикир келишпестик жаралбаш үчүн, күнүмдүк милдеттерди туура бөлүшүп алгыла. Спорттун жеңил түрү менен машыгуу – жакшы таасир этет.

 

Текечер

Кесиптештер арасында карама-каршылык күчөшү мүмкүн. Андыктан ар бир жагдайга сабырдуулук менен мамиле жасаңыз. Бош убакты жалгыз эмес, активдүү өткөрүңүз.

 

Суупери

Кечигүүгө тиешелүү маселелер жаралышы ыктымал. Ийгиликтин сыры – тактык жана тартип болот. Ден соолугуңузга өзгөчө кам көрүңүз дешет жылдыздар.

 

Балыктар

Ар бир сөзүңүздү ойлонуп айтыңыз. Болбосо, маектешиңизди таарынтып аласыз дешет жылдыздар. Сасык тумоодон алдын ала дарыланып, иммунитетти бекемдеңиз.

Инстаграм: @goroskop.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий