Улуттук баалуулуктарды баса белгилеген «Айыл Кэмп» тасмасы…

Соңку күндөрү жаштарыбыздын көпчүлүгү орус тилине басым жасап калгандыгы өтө өкүнүчтүү. Шаарда төрөлүп-өсүп, орус тилинде сүйлөп, каада-салт менен кабары жок чоңоюп жаткан жаштарга аз да болсо кыргыздын баалуулуктарын үйрөтүү максатында тартылган “Айыл Кэмп” тасмасы чындыгында көрармандар тарабынан зор алкышка татыды.

Тасманын бет ачаар аземи 3-январда “Манас” кинотеатрында болуп өттү. Анда шаардын ызы-чуу жашоосун, жаштардын өз тилине өгөй мамиле кылганын көргөн жөнөкөй студент, аларга айылдын жашоосун көрсөтүү менен нукура кыргыз тилинде сүйлөтүүгө жана улуттук баалуулуктарды үйрөнүүсүнө болгон аракетин жумшагандыгы чагылдырылган. Ал максатын орундатуу үчүн айылдагы үйүнө лагерь ачып, шаардан балдарды топтойт. Эң кызыгы, көпчүлүк ата-эне балдарынын эс алуу күндөрү айылда өтүүсүн каалашкандыгы. Анткени, айылдын салкын жел, таза абасы, айыл элинин кең пейилдиги балдардын психикасынын туура калыптанышына зор кедергисин тийгизет эмеспи. “Ааламга жол айылдан башталат” демекчи, улуу тоолордун кучагынан чыккан кыргыздан сөзсүз улуу инсан жаралат. Буга ар бир айылдан чыккан Айтматов сыяктуу азаматтар далил болуп бере алат. Тасманын – эне тилибиз, улуттук оюндарыбыз, каада-салтыбызды мактануу менен баса белгилеп бергендиги, ар бир кыргызмын деген муштумдай жүрөктү элжиретти. Күлкү менен коштолуп, 2 саатка созулган тасма көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Жеңиш Майрамбек уулу, Эркин Нурбаев, Эмиль Эсеналиев, Болот Тентимишов, Шайыр Касымалиева жана Асан Амановдор өз ролдорун жеткиликтүү аткарып, жан дүйнөгө кубаныч тартуулады. “Орус мүнөз жаштарды 10 күн ичинде нукура кыргызга айлантууга жөнөкөй студент кандай эмгек, кандай күч жумшады?” тасманы толугу менен көрүп, бул суроого жооп ала аласыздар! “Айыл Кэмп” кино тасмасы 4-январдан баштап бардык кинотеатрларда коюлууда!

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий