Гаймориттин өнөкөт түрү ракка айланып кетиши мүмкүн

Өлкөбүздө гайморит оорусуна чалдыгып, мурду бүткөндөн улам такай нафтизин колдонгондор арабызда көп эле кездешет. «Бул оору кандайча жаралат жана кантип дарыланууга болот? Деги эле гайморит деген эмне?» деген суроого жооп издеп көрдүк. 

Гайморит – деген эмне?

Аталган ооруну Натаниель Гаймор аттуу 17-кылымда жашаган дарыгер, мурун көңдөйүндө жайгашкан боштондуктун былжырлуу катмары сезгенде, «Гайморит» оорусу пайда боло тургандыгын аныктаган. Үстүңкү тиштердин тамырлары гаймор көңдөйүнүн астыңкы катмарында жайгашкандыктан, көпчүлүк учурда бул оору ар кандай тиш ооруларынын натыйжасында жаралышы мүмкүн деген божомолун айткан. Андан сырткары, сасык тумоо, ринит, суук тийүү жана аллергиялык факторлор дагы аталган ооруну пайда кылаарын тастыктаган. Анткени, сууктан улам мурундагы кеңилжэрлерге суу толуп, тешикчелер бүтөлүп калат дагы ал ириңге айланат. Ал акырындык менен мурун көңдөйчөлөрүнө толуп, микробдун көбөйүүсүнө шарт түзөт. Мындан улам адамдын дем алуусу начарлап, кадимки дарыканада сатылган «нафтизин» сыяктуу мурун көңдөйчөлөүн ачуучу дарыларга муктаж болушат.

Оорунун белгилери:

— Баш оору күчөйт;
— Мурундан суу куюлат;
— Мурун бүтөт;
— Дем алуу начарайт;
— Азуу тиштер ооруп, адамдын дене-табы көтөрүлөт;
— Сезгенген жерлерде шишик пайда болот.

Гаймориттин түрлөрү

Аталган оору бир нече түргө бөлүнөт. Сезгенүү мурун көңдөйүнүн эки жагындагы бет сөөктөрдө жайгашып, ириңдеп кетсе, «Гайморит» деп аталат. Эгерде чеке көңдөйү сезенсе, аны «Фронтит» деп атоого болот. Ал эми мурун көңдөйчөлөрүнүн сезгенишинин жалпы аталышы, «Синуцит» болот. 

Дарылануу жолдору
Колдогу, баштагы жана беттеги точкаларды сөөмөйдүн учу менен жеңил укалоо, гайморитти айыктырууга эң жакшы жардам берет. Анткени укалоонун натыйжасында мурун көңдөйчөлөрүнө суу чогулбай, тешикчелер бүтөлбөй калат. Мындан улам оорудан биротоло кутулууга болот. Ал эми оору өтүшүп кетсе, адамдын башы катуу ооруп, дене-табы жогорулап, дем алуусу начарлайт. Мындай учурда мурунга ириң толуп калганын толук байкоого болот, анткени, шишик бетке тарайт. Оору өтүшүп кеткенин байкасаңыз дароо дарыгерге кайрылганыңыз оң. Алар рентген жасап, ооруну аныктайт. Себеби, мурундагы ириң толгон жерлер рентгенде бозоруп калат. өтүшүп кеткен учурда толук дарыланбасаңыз, гайморит улам кармап отуруп, оорунун өнөкөт түрүнө айланат. Ал эми өнөкөт гаймориттин кабылдоосу көп ооруларга дуушар кылат. Ошондой эле гаймориттин өнөкөт түрүнөн соң ракка айланып кетүүсү мүмкүн экендигин дарыгерлер эскертип келишет. Андыктан алдын ала ооруга себеп болуучу факторлордон алыс болуп, суукка урунбооңуз эң негизги мааниге ээ. 

Элдик ыкмалар:
1. Жүгөрүнү данындай болгон каймак-майды күнүнө бир таноого алмаштырып, уктаардын алдында салып жатсаңыз, жакшы дем алууга жардам берет;
2. Сууга бышырылган жумуртканы ысык кезинде мурундун эки капталына коюп, компресс жасап турсаңыз жыйынтыгы сизди кубандырат. Бул ыкманы айына 10 жолу жасоо зарыл;
3. Кадимки помидордун жоон сабактарын сындырып, жылуу сууга салып, аны жай отко кайнатыңыз. Оттон чыгаргандан соң 10-15 мүнөт чүмкөнүп алып, буусун жыттаңыз. Бул ыкма мурун көңдөйчөлөрүн ачып, андагы сууну агызат. Мындай процедураны бир айда 2-3 жолу жасаңыз!

Добавить комментарий