«Күйөөмө кыз төрөп бербегеним үчүн кордолдум…» (Тагдыр)

Учурда ала качып үйлөнүп, кызды зордоп жоолук салып отургузуп койгондор көп эле болуп жатпайбы. А тургай босого кемпир жатып алып, аны аттап кете албаган кыз баарына кайыл болуп, ошол жерде кала берет. Бул менен кимди күнөөлөөгө болот? Ар бир өзүнө ишенген эркек мындай жорукка барбаш керек. Болочок жубайы менен алдын ала сүйлөшүп, сүйүшүп, түшүнүшүп баш кошсо кандай жакшы. Ооба, ала качып бактылуу болгон түгөйлөр бар, бирок, аз. Ала качып үйлөнгөн эркектердин аялдарынын көбү өмүрү өткүчө арман менен жашаса керек… Күйөөсүн жактырып кетсе бир жөн, а жактырбай калсачы?.. Мен негизи эле «Ала качууга» каралган атайы берене, ийгиликтүү ишин жүргүзсө дээр элем. Мен дагы, апам дагы, «Менин турмушка болгон сапарым ала качуу менен башталбаса экен» деп тилек кылаар элек. Кудайым бул тилегибизди кут кылды. «Жаштын тилегин берет» деген чын, ар бирибиз туура тилек кылуу менен Жаратканга сыйынып туруубуз абзел экенин эскертким келет. Муну мен өзүмдүн турмуштук тажрыйбамдан улам айтуудамын. Кыскасы, дал ушул «Ала качуу» тууралуу көрүнүшкө байланыштуу апамдын башынан өткөн жагымсыз окуяны сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм. 
Сөздү ата-энемдин кантип үйлөнүп калуусунан баштасам. Атам апамды ала качып алган экен. Апамды сыртынан жактырып калган атам, анын үйүнө келип таанышып, сүйлөшүп, бирок апам атамды жактырбай коёт. Атам күндө апамдын үйүнө келип, короосуна жатып, айланчыктап жанынан чыкпай жүрөт. Ар кандай белек-бечкегин берип, сүйүүсүн айтып, апамды сүйдүрүп алуунун амалын ойлоп, ар нерсе кылып көрөт. Канчалык караанынан чарк айланып көзүнө карабасын, апам атамдын сунушун кабыл албай коёт. Анткенинин жүйөлүү себеби да бар болчу. Жүрөгүнүн төрүнө орун берип, жактырып жүргөн адамы болот экен. Кыздын көңүлү жок экенине көзү жеткен атам аны ала качып кетүүгө бел байлайт. Ал үчүн тайжеңем менен сүйлөшүп, баарын алдын ала пландап алат. Таенем, таятам үйдө жок болгондон пайдаланып, тайжеңем апамды ала качкандардын колуна салып берет. Жол катар ызы-чуу салган апамдын алы эч нерсеге жетпептир. “Эркек сүйсө алат, кыз сүйсө калат” деген принципти карманган атам өз максатын ишке ашырууну көздөп туруп алат. Анын негизги максаты – апамды аялдыкка алып, бала-бакыралуу болуп бактьлуу күн кечирүү эле. Турмушка болгон көз карашы го жакшы болгон, бирок, апамдын сезимдери менен эсептешпегенине жиним келет. Жүрөк башканы дегдеп турса, кантип бөлөккө өзүн арнайт эле? Ошентип, ызы-чуу түшүп келин тоскон үй-бүлөнүн даярдыгын көрүп, аларды чанып кете албаган апам, “Таш түшкөн жеринде оор” деп отуруп калат. Аркасынан таятамдар, “Алып кетебиз! Кызыбызды эмнеге уруксатсыз алып кетесиңер? Керек болсо сотко беребиз! Ачуубузга тийбегиле, кызды коё бергиле!” деп ачууланып келишкенде, апам, “Мен калам” деген бир ооз жообун айтып коёт. Сүйлөшүп жүргөн жигити да калат. Ошентип, көшөгөгө отуруп, жигити менен өткөргөн бактылуу көз ирмемдерин бир сыйра элестетип алат. Ошондон эки күн өтпөй апамдын аркасынан жигити издеп келет. “Кетесиңби мени менен?! Бул жерде көп болсо эки күн түнөдүң, эми түбөлүк мендик болушуң керек! Жүрү, кеттик”. Апам дендароо болуп туруп калат. 

(Уландысы бар)

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий