Гастролдогу кызыктар… Замир Мырза сахнага чыгып алып микрофон таппай калса, Байыш Момунов концерттен кийин көлөч сатып…

Айнура Салахидинова: “Акчамды кайтарып бер” деп элдер ызы-чуу салган”

Бир жолу Жакут Сыдыков, Жоролор тобу, Айгүл Чалова, мен болуп, Ат-Башыга гастролдоп барып калдык. Концертибиз 25 сом болчу. Кире бериште билет текшерип киргизүү үчүн жигиттер, “биз турсак айылдын бейбаш балдары келип, көйгөй жаратышы мүмкүн, кыздар силер тургула” деп калышканынан эшикте мен туруп калдым. Кээ биринин акчасы жетпей калат, кээ бири алма, каймак, айран-сүттөрдү көтөрүп келет. Баарын эле макул деп киргизе бердим. Анан жетекчибиз, “электриктин баласы келсе киргизип койгула” деди. Бир маалда бир бала келип, “светчинин баласымын” деди эле киргизип жибердим, көп өтпөй дагы бирөөсү келди, аны да киргиздим. Бир аздан кийин, “светчинин баласымын” деп үчүнчүсү келип жатпайбы. Аны киргизбей койдум. Тиги жигит, “азыр свет өчүп калса капа болбогула” деп эскертти, өзүмчө кыйын болуп, “ой өчпөйт, бара берсең болот” деп кетирип жибердим. Бир маалда концерт ортолоп калган кезде, сахнага Айгүл Чалова чыгып эми ырдап баштаганда свет өчүп калса болобу? Ошол менен күйгөн жок. Анан элдердин ызы-чуу салганын айта бер. “Мен сага мынча сом бергем кайтарып бер” дешип баары туш тараптан мага агыла баштаганда качып кеттим. Көрсө жарыкты светчинин баласы атайы өчүрүп салган экен (күлүп). Эртеси кайра башынан концерт коюп бергенбиз.

 

Замир Мырза: “Сахнага чыгып алып, микрофон таппай уят болгом”

Мен биринчи сахнага чыгып жүргөн учурда алпаруучулар, “та-ак сени кантип чакырабыз? Сен Замир болсоң керек, Мырза шеригиң каякта?” деп “серьезно” эле сурай беришчү.  Ошентип жүрүп, “Замир Мырза” деген атыма көнүштү (күлүп). Бир жолу концертте алпаруучу мени чакырып коюп кирип кеткен. Мен сахнага жыртайып чыксам эле микрофон жок. Көрсө алпаруучу аны өзү менен кошо “гримерныйга” алып кирип кетиптир. А мен болсо микрофон жок сахнада турам, ырдын музыкасы башталды. Экинчи микрофонду болсо менден мурун ырдаган ырчы өзү менен кошо алып кирип кетиптир. Ыр башталайын деп калганда, “гримёркага” чуркап барып, тамеки чегип отурган алпаруучунун колунан микрофонду жулуп алып , кайра сахнаны көздөй чуркап барсам, ыр биринчи куплетинин жарымына келип калыптыр. Анан эч нерсе болбогондой жыртайып ырды улантып кеттим. Элдин күлгөнүн айтпа (күлүп).

 

Байыш Момунов: “Концерттен кийин базарда көлөч сатып…”

Мындан 20 жыл мурда “Динара” тобунда иштеп жүргөн учурубуз эле. Май айында Ноокатка гастролдоп барып калдык. Анда аталган топту Абдумалик Шерматов жетектейт болчу. Концерттин катышуучуларына, “эч кандай акча бере албайм, бартерге иштешебиз” дегенине макул болуп барганбыз. Ноокат районунун Найман деген айылында гөлөч чыгарган завод бар эле, ошол жактан, “гөлөч алабыз” деп сүйлөшүшкөн экен. Концерт бүткөндөн кийин баарыбызга таркатып берген. Анан аны сатканы базарга бардым. Тааныштарымдын баары, “ии бизнес кылайын деп чечтиңби?” деп сурагандарга, “Жок ушундай болуп калды” деп коём. Ошентип, өз баасынан да арзанга сатып, акча кылганбыз.  

Архив gezit.kg

Эскертүү: Макаланы сайттан көчүрүп, жалпыга таратуу — редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн!

 

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий