9-январга карата жылдыз төлгө

 Кой

Сүйлөшүүлөргө, компромисске барууга жана жаңы мамиле курууга ылайыктуу кез. Куру убада бербеңиз жана талапты катуу койбоңуз. Үй-бүлөңүзгө жакшы мамиле жасаңыз. 

 

Букачар

Акчаңызды пайдалуу нерселерге гана колдонуңуз дешет жылдыздар. Эс алуу жана көңүл ачууну коё туруңуз. Андан көрө келечекке план түзгөнүңүз туура. 

Эгиздер 

 Пландарды ишке ашырууга ылайыктуу учур. Аброюңузду бекемдегенге аракет кылыңыз жана достор менен эс алууга убакыт калтырыңыз. Каржы жаатында сарамжалдуу болуңуз. 

Бөйөн

Туугандар менен пикир келишпестик – маанай түшүрөт. Эң башкысы, ызы-чуу салбай, сабырдуу болуңуз. Каржы жаатында жоопкерчиликтүү чечим чыгарбаңыз. 

Арстан


 Өзүңүздү чарчаңкы сезесиз. Ойлоруңуздун көбү ишке ашпай атса дагы, кайгырбаңыз. Моралдык жактан ырахат тартуулаган иш менен алектенсеңиз – пайдалуу. 

Бийкеч


Жагымдуу гана сюрприздер күтөт. Кызыктуу сунуштар түшөт, аларга маани бериңиз. Узакка созулган милдеттерди моюнуңузга албаңыз дешет жылдыздар. 

 

Тараза


Жумушка тиешелүү маселелерди чечсеңиз болот. Кесиптештер жана жакындардын жардамы менен жакшы жыйынтыктарга жетесиз. Ден соолугуңузга кам көрүңүз. 

 

Чаян

 Жаңы таанышууларга, конок тосууга, никедеги же бизестеги өнөктөш менен баарлашууга ылайыктуу кез. Маанилүү чечим чыгарууну кийинкиге калтырып туруңуз. 

Жаачы

Жумушта маанилүү чечимдерди чыгарбаңыз. Келечеги кең көрүнгөн иштерден да баш тартыңыз. Өзүңүзгө болгон ишенимди жогорулатууга аракет жасаңыз. 

 

Текечер


Колуңуз тийбей жүргөн жумуштар менен алектенүүгө ылайыктуу күн. Каржы жаатында маселе жаралышы мүмкүн. Достор менен жолугушуп, ден соолукка кам көрүңүз. 
 

Суупери


Эмоционалдуу күн. Жакындарды таарынтып албаш үчүн ойлонуп сүйлөңүз. Дал ушундай учурда ызы-чуудан алыс болуп, репутацияңызга доо кетпейт дешет жылдыздар. 

 

Балыктар


План түзүүдө тез жыйынтык берчү иштерге басым жасаңыз. Маанилүү сүйлөшүүлөрдө акылга баш ийип, кадам жасаңыз. Сапарга чыгууда жолуңуз болот.

Инстаграм: goroskop.kg

Добавить комментарий