Адис жооп берет! 0555 00 49 52 (09.01.18)

Уролог-хирург Бахтахунов Калдарбек Кожоевичтен түйүлдүктүн жынысын аныктоо үчүн же жөн гана медициналык кеңеш алгыңыз келсе 555 00 59 42 номуруна “Whatsapp” аркылуу смс жөнөтсөңүз болот. Жообун ар жумада сайттан окуй аласыз! Этикага туура келбеген жана кайталанып берилген суроолор чыгарылбайт!

Кийинки кезде этек кирим бир айга жетпей келип калчу болду. Эч жерим катуу оорубаса деле бул эмнеси деп чочулап жатам. Эмне кылсам болот? Ажар

— Так диагнозун билүү үчүн УЗИге түшүп, гормоналдык текшерүүдөн өтүп, инфекцияга карата анализ тапшыруу кажет. 

 

Жашым 32де, мурда 3-4 саатта тез-тез заара кылчумун. Дарыланган соң 7-8 саатта бир заара кылам. Бул оорубу же айыгып калганбы? Гүлүм

— Нормада ар бир заара кылганда 200-250-300 мл.ден чыккан учурда 4-5-6 жолу заара кылуу норма болуп эсептелет. Ал эми түнкүсүн бир жолу заара кылуу да нормалдуу көрүнүш. Албетте, суюктукту көп ичкен убакта заара кылуу физиологиялык көз караш менен тездейт. Айрыкча кружкалап пиво ичкенде, жайында дарбыз, коон жеп, суусундуктарды ичкенде заара кылуу тездейт. Күндүзү сийдик аз-аздан чыгып, дааратканага тез-тез бардырса, бул табарсыктын сезгенүүсү циститте болот. Эгер күндүз заара кылуунун ритми нормалдуу болуп, түнкүсүн тездесе жүрөктүн оорулары менен да байланыштуу болот. Эгер тездеп да, ошону менен катар сийдик көп чыккан учур бөйрөктүн оорулары менен да байланыштуу болот. Өтө эле сейрек заара кылуу нерв системасынын оорулары менен байланыштуу болот. Айрыкча эркектер простотанын аденома оорусунда түнкүсүн тез-тез заара кылышат. Муну никтурия деп айтабыз. Жыйынтыктап айтканда дени сак адам суткасына 1500мл сийдик бөлүп чыгаруу керек. Ичкен суюктуктун 25%ы ичеги, өпкө, тери аркылуу чыкса, калган 75% суюктук бөйрөк аркылуу иштелип чыгат. Ал эми сиз 7-8 саатта бир барсаңыз, нормага туура келбей, азыраак барып жатыптырсыз. Суткалык диурезди ченеп көрүшүңүз керек. Врачтарга кайрылып, текшерилип койсоңуз жакшы болот. 

 

23 жаштамын, учурда 5 айлык боюмда бар. Кош бойлуу айымдар кандай тамактанышы керек, ушул тууралуу билгим келет… Айка

— Камыр жана майлуу тамак-ашты көп ичүүгө болбойт. Бул баланын салмагын көбөйтүп, төрөттү кыйындатат. Кош бойлуулуктун биринчи жарымында күнүнө 4 маал тамактануу зарыл. Экинчи жарымында түйүлдүк тез өсүп, аялдын организмине күч келтиргендиктен 5-6 жолу аз-аздан тамактануусу сунуш кылынат. Тамак-ашка жашылча-жемиш, сүт азыктарын, сууга бышкан эт, балыкты кошуу керек. Эттин шорпосу менен тузду азайтуу зарыл. Суюктукту күнүнө 5 стакандан ашык ичиш керек, денеде шишик пайда болуп жана салмагы көбөйүп кетсе, догдурдун кеңеши менен мүнөздөп тамактануу зарыл. Витаминдүү тамак-ашка басым жасаңыз. Кышында рационго A, B, C, D. E витамини бар сиропторду кошуңуз жана курамында кальцийи көп азыктарды көбүрөөк жегенге аракет кылыңыз. Кош бойлуу кезде ич көп катат. Ошондуктан, жатаарда кефир же айран ичип, ачкарын жашылча, мөмө-жемиш сунуш кылынат. Ич алдырма дарыларды врач менен кеңешпей туруп ичүүгө болбойт, боюнан түшүп калуусу мүмкүн. 

 

Мен бойго бүтүрбөөчү дары ичип жүрүп, эрежени так сактабай койгондугуманбы, боюмда болуп калыптыр. Муну жакында билдим. Эми ал дарылар түйүлдүккө зыянын тийгизбейби? Элнура

— Коркунучтуу эч нерсе деле жок. Ошентсе да бир сыйра гинекологдун текшерүүсүнөн өтүп койгонуңуз жакшы. Түйүлдүккө 10-12 апта болгондо РАРР-тест жана УЗИ жасалат. Булар түйүлдүктөгү генетикалык жана башка кемчиликтерди аныктоого жардам берет. Түйүлдүккө 16-17 апта болгондо гормоналдык текшерилүүдөн, ал эми 18-22 аптада кайрадан УЗИден өтүү талап кылынат.

Эскертүү: Макаланы сайттан көчүрүп, жалпыга таратуу — редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн!

 

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий