«Күйөөмө кыз төрөп бербегеним үчүн кордолдум…» (2-бөлүк)

«Кызым, мен сага болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берейин, турмушта сага да сабак болоор. Анын үстүнө, «Апам, башка күйөөсүн сүйгөн аялдардай болуп атама эмнеге көп ыктай бербейт?» — дейт чыгаарсың. Менин тагдырымдын баш-аягын толук айтып берсем, ошондо гана түшүнөөрсүң себебин» — деди апам. Эмне демек элем, апамдын берилүү менен баштаган баянын кунт коюп угуп олтурдум.
«Атаң экөөбүздүн кантип үйлөнүп калганыбызды билесиң. Окуянын ошол сен билген жеринен кийин баштайын. Жаштык-мастыкта эмнелер гана болбойт. Баш айланткан сүйүүлөр, акырындан сөз айтып, аркамдан түшкөн жигиттердин саны санаганга колдун манжалары жеткис эле бир убакта. Бул жашоодо өмүрлүк жар менен кесипти туура тандаш керек экен. Ошондо гана жашооңдун барактары бактылуу көз ирмемдер менен коштолот тура… Ошентип, аркамдан мен мурунтан сүйлөшүп жүргөн жигитим келиптир. Мен канчалык аны менен кетүүнү самап турсам дагы, атаңдын башын аттап кете албадым. Ал жигитимдин аты Турар болчу. «Кечирип кой, мен ушул жерде калам» дегенде, Турардын көзүнөн мөлт-мөлт куюлган жаш азыр да көз алдыма элестейт. Эркектин ыйлаганын эң алгач ошондо көргөм. Аркасына шарт бурулуп басып кете албаган жигитим, нурданган көздөрү менен мени кайра-кайра жалт карап узаганын эсетесем жүрөгүм зыркырайт. Ошондогу анын акыркы сөзүн да жатка билем. «Сени кор кылбай бакса эле болгону. Сенин бактылуу жашап кетишиңди Жараткандан жалбарып тилейм. Кош бол, ардагым! Мен сени өмүр бою сүйүп жашайм!» — апам бул сөздөрдү айтуу менен шилекейин кылк жутуп, бир топко тунжурап олтуруп калды. Мен дагы ыйласа ыйлап жеңилдеп алсын дегенчелик кылып, апамдын жүзүнө тик багып кароодон баш тартып, үнсүз жер тиктеп олтура бердим. Узак үшкүрүк чыгарып алган апам баянын кайра ошол жеринен жылмайып улады. «Кээде туруп, «Балким, жигиттердин каргышына калдымбы?» — деп да ойлоп кетем. Эч кимге жамандыгы жок, ойлору таза кыздын эмне үчүн бактысы ачылбады анда?!. Билбейм, кыскасы ар түркүн ойго чөмүлүп, түрдүү суроолор жаралат, тилекке каршы жооп жок. Ошентип, атаң экөөбүз жашап калдык. 

Кайненемдин тажатма кылыктары
Атаң жакшы эле кам көрүп, жашообуздун алгачкы барактарын ынтымакта баштаганбыз. «Бардыгы ата-эненин тарбиясынан» деген кеп бекеринен айтылбаса керек, акыркы күндөрү чоң энең (кайненем) атаң экөөбүздүн жубайлык жашообуздагы майда-чүйдөлөргө чейин кирише баштады. Уулун менден кызганганы ашыкча эле болду окшойт. Атаң мага эмне сатып келсе да ага дагы бир нерсе албаса үйдө чоң уруш болоор эле. Бир күнү атаң мага гүл көтөрүп келиптир. Өзүнөн-өзү туталанган чоң энең ушунчалык албууттанып жинденди. Атаңды өзүнө чакырып алып, «Сага ападан дагы «катын» ыйык болуп кеттиби? Жетимсиреген мени деле эсиңе алып койсоң эмне болот?», — деп долуланып ыйлап коё берди дейсиң, эч кимибиз токтото албай койдук. Аябай ичине бук толуп калгандай ыйлады. Ошондон кийин атаң мага гүл алып келбес болду. Гүл бул жакта турсун элдин көзүнчө мага жылуу сүйлөгөндөн кооптонуп жүрдү. Элдер, «Турмуш ушундай татаал» десе, мен дагы, «Ооба» деп коюп, баарына кайыл болуп жашай бериптирмин. Сен, «Чоң энемди жамандап жатат» деп капаланба, мен болгон чындыкты айтып беришим керек. Акыркы күндөрү мен тууралуу жаман пикир айтып, кадимкидей күндөшү катары мамиле кыла баштады. Ыңгайы келсе атаңа сабатып койгон күндөрү болду. Бир жолу өкмөт үйүнө чоң энеңдин пенсиясын алганы барып, мурда бирге окуган группалашымды көрүп учурашып калдым. Мени ала качып кеткенден кийин окуумду таштагам да, ал эми ошол группалашым окуусун бүтүргөндөн тарта сельсовете иштеп жүрүп, пособие тараткан деңгээлге жетип калган экен. Жылуу сүйлөп, «Пенсия, пособие алам» деп турган адамдардын арасынан мени кезексиз тейлеп, акчамды берип узатып койду. (уландысы бар)

Эскертүү: Макаланы сайттан көчүрүп, жалпыга таратуу — рекдациянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн!

Добавить комментарий