Интернетте чачы тоңуп калган окуучунун сүрөтү кызуу талкууланууда

Интернетте чачы тоңуп калган окуучунун сүрөтү кызуу талкууланууда. ​Маалыматта камтылгандай, Кытайдын Чжаотун шаарындагы «Zhuanshanbao Elementary School» мектебинин 3-класстагы окуучусу сабакка өзгөчө чач жасалгасы менен кирип келип, классташтарын күлдүргөн. Анын үйү мектептен алыс болгондуктан, сабакка шашып жатып баш кийимин унутуп калган. Ошол күнү эшикте —9 градус суук  болгондуктан баланын чачы мектепке жеткиче тоңуп калган. Соц.тармактын колдонуучулары бул тууралуу, баланын сабакка болгон жоопкерчилигин мактап, айрымдары баланын өзгөчө чач жасалгасына күлүшсө, кээ бири суукта башы тоңгон жеткинчекке боору ооруган пикирлерин калтырышууда. 

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий