11-январга карата жылдыз төлгө

 Кой

Каржы жаатында кылдат болуңуз. Жеңил акча табууну сунуштагандардан качыңыз. Сизге кызыктуу гана жумушта ийгиликке жетесиз. өзүңүздү баардык учурда токтоо кармаңыз.

 

Букачар

Жакшы жана өтө жакшынын ортосунда тандоо болот. Энергияңыз жогору болбойт дешет жылдыздар. Бийиктиктерди багындырууда терс эмоциялардан алыс болуңуз.

 

Эгиздер

Чечүүгө туура келген бир нече маселе жаралат. Ачууланбаңыз жана шашылыш чечим чыгарбаңыз. Чоң сатып алууларды азырынча коё туруңуз дешет жылдыздар.

 

Бөйөн

Энергияга толосуз. Жүрөк өйгөн маселелерди чечүүгө эч коркпостон киришиңиз. Жашоодо туура багытту көрсөтчү сапаттарга ээ болууга аракеттениңиз.

 

Арстан

 

Идея жана сунуштары менен жашооңузда пайда болгон адамдардын жардамы менен жашоону жакшы жагынан көрө аласыз. Көп суроолорго жооп аласыз.

 

Бийкеч

Күчүңүздү сактап, стресстик жагдайлардан качыңыз. Майда-чүдйөгө ачууңузду келтирбей, токтоо болуңуз. Энергияңызды позитивдүү нерселерге кетириңиз.

 

Тараза

Жаңы иш баштап, маанилүү чечим чыгарып, жумушка орношуп, кошумча киреше булагын табууга ылайыктуу учур. Дүйнө таанымыңызды да кеңейтсеңиз болот.

 

Чаян

Колдон келсе, жеңил иштер менен алектенип, оорлорун кийинкиге калтырып туруңуз. Физикалык, эмоционалдык жана мээге күч келген иштерден сактаныңыз.

 

Жаачы

Карама-каршы күн. Анын жакшы же жаман жагын тандоо – сизден көз каранды. Ойлоруңузду ирээтке келтирсеңиз, жашооңуз да ирээтке келет дешет жылдыздар.

 

Текечер

Үй-бүлөлүүлөрдү жакындары менен болгон түшүнбөстүк күтөт. Жагдайды жөнгө салуу үчүн тынчтык жолу менен сүйлөшүңүз. Эң башкысы үнүңүздү катуу чыгарбаңыз.

 

Суупери

Колдон келсе, бул күндү тынч жана жалгыз өткөрүңүз. Жаңы иш баштабаңыз, бирок баштагандарды бүтүрүңүз. Жашооңуз туурасында терең ойлонуңуз.

 

Балыктар

План түзүп, жумуштагы өнөктөштөргө убада берип, маалымат издеп, жаңы байланыштарды түзүңүз. Тажрыйбалуу адамдардын кеңешин четке какпаңыз.

Инстаграм: @goroskop.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий