Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун соту башталды

Биринчи Май райондук соту жарандык активист Мавлян Аскарбековго козголгон кылмыш иши боюнча процессти карап жатат. Бул тууралуу сөз эркиндигин коргоо комитетинин тең төрагасы Адиль Турдукулов соц.тармактагы баракчасына жазып чыкты. Маалым болгондой, Мавлян Аскарбеков жана анын адвокаты сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, акыйкат карабай жатканын айтышууда. 

— Сот процессте бардыгыбызга бирдей укук, бирдей мүмкүнчүлүк бериши керек. Тилекке каршы күбөлөргө мен, менин жактоочум экөөбүз суроо берсек бизге чектөө коет дагы, прокурорго каалаган суроосун берүүгө укук берип жатат. Анысы аз келгенсип сот өзүнө керектүү жоопту алыш үчүн, бүгүн келген күбөнү коркутуп, кадимкидей эле кысымга алып, такып жатат. Анысы мыйзамга туура келбей турганын менин адвокатым Жайлообаев айтып койсо, эми кайра менин адвокатыма эскертүү берүү аракетин көрүп жатат,-деди Аскарбеков.

Айта кетсек, Мавлян Аскарбековго Кылмыш кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” деген беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, акыркы соттук отурум 2017-жылдын 25-декабрында өткөн. 

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий