Өзбекстанда депутаттар улуттук кийим менен жүрүү маселесин талкуулашууда

Өзбекстандын Улуттук университетинин доценти, Инновациялык технологиялар борборунун директорунун орун басары Мирякуб Хайдаров парламент депутаттары үчүн улуттук колоритке негизделген дресс-код киргизүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.  Доцент, » Парламент депутаттары Батыш стилиндеги кийимдерди кийбей, улуттук баалуулуктарды, салт-санааны смактап, элге үлгү болушу керек,» — деген пикирин билдирген. Ал ошондой эле, «Мыйзам чыгаруучу палата улуттук стилдеги кийимдердин үлгүсүн бекитет. Жергиликтүү органдар өз аймактарынын кийимдерин кийгени оң. Албетте, ферганалыктар сурхандарыялыктардан айырмаланып турат,» — деп кошумчалаган. 

Добавить комментарий