Күнүмдүк жашоодо керектелүүчү кеңештер

Ар бир нерсенин оңой жолун тандап алууга ашыгабыз. Күнүмдүк жашоодогу кайталанган айрым кемчиликтерди жойгуңуз келеби? Анда төмөнкү макала сиз үчүн…

  1. Эгерде чыныдагы чай же кофе тез муздасын десеңиз, ага 3-4 чай кашыкты же 2 аш кашыкты жөн эле салып коюңуз;
  2. Бир порция спагетти даярдоо керек болсо, кургак кесмени желим бөтөлкөнүн моюнуна батканчалык салып ченеп алсаңыз болот;
  3. Муздаткычтагы сыр кургап калбасын десеңиз, чекелерине май сүйкөп коюңуз;
  4. Тамак түбүнө тартып кетпеши үчүн казанды туз менен кошо какшытып алыңыз;
  5. Эгерде жыгач эмерегиңиз чийилип калса, аны аарчылган грек жаңгагы менен сүртүп коюңуз;
  6. Көпчүлүк кишини сүрөткө тартканда кээ бирлеринин көзү жумулуп калбашы үчүн баарынын көзүн жумдуруп, 1,2,3 дегенде ачкыла деп тартсаңыз, ийгиликтүү фото жаралат;
  7. Эгерде телефонуңуздун батареясын тезирээк заряддалышын кааласаңыз, анда мобилдик байланышты өчүрүп, “Самолётто” (В самолёте) функциясына коюп коюңуз;
  8. Кийимиңиздин топчусу бекем болуш үчүн анын жибине кадимки тырмакка коюлуучу түзсүз лак сыйпап коюңуз;
  9. Эртең менен ойгоно албай кыйналсаңыз, 20 секундага күч менен көзүңүздү сүзүп, кайра ачсаңыз, уйкуңуз умачтай ачылат.
  10. Жакын адамыңызга кандай белек тартуулоону билбей жатсаңыз, ага белек камдап койгонуңузду айтуу менен, ал кандай белек каалап жатканын билип алсаңыз болот.
Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий