Караколдо 1,5 жашар наристе бала бакчадан келген соң чарчап калды

Ысык-Көлдө 2 жаштагы наристе бала бакчадан «Тез жардам» унаасы менен ооруканага жеткирилип, 1 күн комада жатып чарчап калды, бул капалуу окуянын себептерин депутаттык комиссия иликтейт.

Бул тууралуу Каракол шаардык кенешинин депутаты Азамат Айтбаев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына, «Өтө капалуу окуя болду. Каракол шаарынын №14 бала бакчасында,эки жаштагы наристе чарчап калды. Азыр укук коргоо органдары бул иш боюнча кылмыш ишин козгой элек. Экспертиза болуп азыр анализи Бишкек шаарына жиберилип изилденип жатат. Каракол шаардык кеңешинин депутаты катары жана билим-берүү комиссиясынын мүчөсү катары бүгүн № 14 бала-бакчасынын жетекчиси, медайымы, тарбиячысы менен барып сүйлөшүп өзүбүз иликтөө жүргүзүүнү баштадык. Ошондой эле наристенин ата-энеси менен баарлашып, көнүл айттык. Ата-эненин суранычы жана талабы бир гана — уулунун эмненин себебинен чарчап калганын билүү. Биз колдон келген жардамымыбызды бергенге аракет кылабыз.»,- деп жазып чыкты Айтбаев. Ошондой эле ал сүрөттөр баланын ата-энесинен алынганын жана алардын уруксаты менен жарыяланганын кошумчалады. 

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий