Бала бакчадан ооруканага жеткирилип чарчап калган баланын апасы: «Баламдын ден соолугу чың болчу, ооруп жүргөн деп калп маалымат берип жатышат»

«Тарбиячылар баламды кароосуз таштап коюп ал бир жерге жыгылган же түртүп жиберишкен», — дейт Кара-Кол шаарында бала бакчадан ооруканага жеткирилип каза болгон 2 жашар баланын апасы Наргиза Абдыкадырова. Мындай пикирин ал бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул окуяга чейин баласынын ден соолугу чың болгон.

«Балам мурда ооруган эмес, ден соолугу чың, жакшынакай эле бала болчу, муну баламды мурда көзөмөлдөп жүргөн дарыгерлер да тастыктап бере алышат. Буга чейин милиция кызматкерлеринин «Баланы “Тез жардам» унаасы менен алып барышкан, мурда ооруп жүргөн ошондон улам каза болгон», — дегендери калп. Баламдын абалы оорлоп кеткенде бала бакчанын кызматкерлери, «Тез жардам» кызматын күтпөстөн ооруканага такси менен алып барышкан.

Кийин бизге эки, үч жолу эле шашылыш көргөнгө гана уруксат беришкен. Биз жакшылап деле карай алган эмеспиз. Бир киргенимде башы аябай чоң болуп шишип турат эле, шишип калганго десек дарыгерлер жок шишиген эмес сага ошондой көрүнүп жатат деп коюшкан. Кийин балам каза болду дегенде эле жандандыруу бөлүмүнө чуркап кирип карасам, баламдын башынын сол тарабы көк-ала болуп шишип калыптыр», — дейт Наргиза Абдыкадырова.

Андан сырткары ал баласынын бетинин сол тарабындагы көк-ала тактардан башка дагы башынын каракуш бөлүгүндө чоң шишик бар экенин, көк-ала тактар экинчи күнү да пайда болгонун айтат.

«Эгер балам мурда жаракат алган болсо ага чейин көгөрмөк да, биринчи күнү көк тактар жок болчу. Кароосуз калтырып бир жерге жыгылып калганбы же түртүп жиберип катуу жыгылтып алышканбы деп ойлоп жатам. Медициналык эксперт да айтып жатат, баламдын мээси катуу шишип кетиптир. Тун балам, жалгыз балам эле, эми ал табылбайт, биз болгону балам эмне болуп каза болгонун гана, чындыкты гана билсек», — дейт апасы.

Буга чейин Ысык-Көлдө 2 жаштагы наристе бала бакчадан «Тез жардам» унаасы менен ооруканага жеткирилип, 1 күн комада жатып чарчап калганы маалымдаган.

Булак: супер.кж

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий