14-февралга карата жылдыз төлгө

Кой

Кызыктуу иштерди пландаганыңыз оң. Антпесеңиз, өзүңүзгө эле оор болот. Жеке жашоодогу жагдай – маанайды көтөрүп, ишмердүүлүк тартуулайт.

 

Букачар

Эски маселелерге жаңыча карап, аны чечүүнүн өзгөчө жолдорун издеңиз. Иш-кагаздары менен алектенүүгө ылайыктуу учур. Башкалардын маселесине аралашпаңыз.

 

Эгиздер

Келишим түзүүдөн алыс болуңуз. Жаңы долбоорлорго кылдаттык менен киришиңиз. Мүмкүн болсо, милдеттерди башкага тапшырыңыз. Көп эс алууга аракеттениңиз.

 

Бөйөн

Жаңы иш баштоону, иш кагаздарына кол коюуну жылдыздар сунушташпайт. Айланадагыларга сылык мамиле жасаңыз. Ачык-айрым болуңуз.

 

Арстан

Өзүңүздү чарчаңкы сезип, иштегиңиз келбейт. Жакшылап эс алып, күч топтоп алыңыз. Көптөн күткөн жолугушуулар болбой калышы мүмкүн. Баарын туура кабыл алыңыз.

 

Бийкеч

Майда-чүйдө маселелерге маани бербеңиз дешет жылдыздар. Көп нерсеге убактыңыз жетпей калышы мүмкүн. Андыктан план менен так иш кылыңыз.

 

Тараза

Талашып-тартышуудан алыс болуңуз, баары бир жеңишке жетпейсиз. “Сабырдын түбү – сары алтын” деген сөзгө таяныңыз. Дал ушундай учурда ийгилик жаратасыз.

 

Чаян

Каалоолоруңузга карай барыңыз. Ички туюмуңузга шениңиз, ал – туура жол көрсөтөт. Ар бир иште ак жана так болгонго аракеттениңиз дешет жылдыздар.

 

Жаачы

Чечим чыгарууда өзүңүзгө ишениңиз. +зүнүн пайдасын ойлогондордун кеңештерине кылдат мамиле жасаңыз. Сүйүүгө жана үй иштерине ылайыктуу учур.

 

Текечер

Жумуштарыңыз ойдогудай болбой атса, кабатырланбаңыз, башка жактан кубанасыз.  Жагымсыз окуялар күтүлбөйт. Жакындарга чын жүрөктөн мамиле жасаңыз.

 

Суупери

Кызыкьтуу баарлашуунун жана таанышуунун кези. Адамдар менен мамиле кылууда таза болуңуз. Олуттуу иштерде, келишим түзүүлөрдө жолуңуз болот.

 

Балыктар

Жакындарга жакшылап көңүл бурбасаңыз, таарынып калуулары ыктымал. Жаңы өнөктөштөргө кылдат мамиле жасаңыз. Сүйүүдө сабырдуу болуңуз.

Инстаграм: @goroskop.kg

Добавить комментарий