Министр А.Новиковго кыргыз тилин үйрөтүүгө бюджет жылына 324миң сом коротот

Кыргызстандын Экономика министрлиги өз кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүү боюнча тендер жарыялады. Мекеменин жарыясы zakupki.gov.kg мамлекеттик сатып алуу порталына жайгаштырылды.

Ага ылайык, үч ай ичинде кыргыз тилин үйрөтүүгө 288 миң сом, министр Артем Новиковдун жеке өзүнө сабак берген мугалимге 36 миң сом төлөнөрү жазылган. Тендердин жеңүүчүлөрү үч ай ичинде кызматкерлерди «Кыргызтестке» даярдашы керек.

Кыргыз тилин үйрөнүүгө мекеменин 100 кызматкери кызыгаарын билдирген. Министрликтин өкүлдөрү «Азаттыкка» кабарлашкандай, документтердин баары кыргыз тилине которулуп турат, бирок көп кызматкерлер андан кыйналышат. Маалыматка караганда, тендердин жеңүүчүсү белгилүү болду. Мекеменин кызматкерлерине кыргыз тилин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу окуу борбору үйрөтөт.

Ал эми министр Артем Новиковго өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү Игорь Чудинов менен Олег Панкратовго тил үйрөткөн мугалим сабак берери айтылды. Анын тил үйрөнүшү үчүн айына 12 миң сом кетет.

Өкмөт буга чейин мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген токтом кабыл алган. 2018-жылдын 1-мартынан тартып мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээлин «Кыргызтест» мекемеси текшере баштайт.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий