Таш-Көмүрдө Нарын дарыясына секирген кыз ооруканада жатат

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Нарын дарыясына көпүрөдөн бой таштаган кыз аман-эсен куткарылды.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 12-февралда милиция дарыя жээгиндеги жарда асылып турган кызды жергиликтүү тургундар менен бирге алып чыккан. Учурда ал шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат жана абалы канаттандырарлык.

Кыздын жашы 18де экени, Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алары, Таш-Көмүргө туугандарынын үйүнө барганы кабарланды. Ал эч кимге доосу жок экендигин билдирген.

Добавить комментарий