Инсаграм жаңы функция кошот: Эми досуңуздун сүрөтүн скриншот кылсаңыз ал билип калат

Жакында инстаграм тиркемесине жаңы функция кошулат. Эгерде кимдир бирөө сиздин Инстаграм баракчаңыздан сүрөттөрүңүздү көчүрүп же скриншот кылып алса, бул тууралуу сизге маалымдама келет. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, Инстаграмда сиздин сүрөтүңүзгө «уурулук» кылган колдонуучуну билип алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Тизмедеги досторуңуздун кимиси скриншот кылган болсо, ал катталууунун аты-жөнүнүн жанында атайын белги чыгып калат. Азырынча бул кызмат сынактан өтүп жатат. Ошондуктан, Инстаграмдагы айрым гана колдонуучулар аталган функциянын кызматын пайдаланып, бул кызматтын канчалык деңгээлде пайдасы бар экенине байкоо салышууда. Инстаграм баракчасынын жаңы кызматы жактырылса ишке кирет, бирок азырынча убактысы белгисиз.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий