Филармониядагы «Ырчылардын ыры менен чыры…»

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жамааты «Ырчылардын ыры менен чыры» аттуу өзгөчө программадагы концертин тартуулайт. Бул тууралуу филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы Улан Зайнидин уулу билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Нооруз майрамына карата 20-21-март күндөрү улуттук филармониянын чоң залында уюштурулат.

«Улустун улуу күнүндө филармония жамааты элге ыр-майрам тартуулабай койсо болбойт да. Концертте ырчылардын сахна артындагы жашоосу театрлаштырылып көрсөтүлүп, Эл артисттери, эмгек сиңирген артисттердин жагымдуу ырлары тартууланат», — деди Зайнидин уулу.

Концерт кечки саат 18:30да башталат.

 

Добавить комментарий