Ырчы Самара Каримова актрисалык жөндөмдүүлүгүн көрсөттү (видео)

13, 14, 15-мартта Т.Абдумомунов атындагы кыргыз драмалык театрында жазуучу, драматург Султан Раевдин калемине таандык «Илегилек» драмасынын негизинде спектакль коюлду. Анда башкы ролду Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аткарды. Спектаклге келген көрүүчүлөр аябай көп болгондуктан орундар толуп, туруп көргөндөр дагы болушту. Турмуштун ачуу чындыгын чагылдырган спектаклде Самара берилген ролду ийнине жеткире аткарды десек болчудай.

Муну зал толгон элдин көпчүлүгү көздөрүнө жаш алып, муюп гана көрүп отурганынан байкадык. 1 саат 20 мүнөткө созулган драманын соңунда көрүүчүлөр ордуларынан тура калышып, бир топко чейин шатыра-шатман кол чаап турушту. Ошондой эле, Самара айым күйөрмандары тарабынан гүлгө оролду да калды. Кызыл-жашыл түстөгү гүлдестелер кучакка батпай, сахнанын ого бетер көркүн чыгарды.


Талант – оргуштаган булак. Аны канча катсаң да жолун таап, бурганактап чыгып турат. Ырчылык өнөрүн эле эмес, актрисалык жааттан дагы бир топ аракети бар Самара өзүнүн ролун берилүү менен аткарып, көрүүчүлөрдү жашытты. Профессионалдык көз караш менен караганда балким катачылыктар болгондур, бирок, “Көрө, көрө көсөм, сүйлөй, сүйлөй чечен болосуң” дегендей, ырчы кызыбыздын актрисалык жаатта аракетин баалап койсок деп айткыбыз келет.

Эл алдында ар бир сөзүңдү маңызы менен сүйлөө менен бирге андагы кырдаалды эмоцияң менен ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнө жеткирүү – өтө татаал нерсе. Мына ушул жоопкерчиликтүү, оор милдетти моюнга алуу үчүн зор эмгек талап кылынат эмеспи. Кемчилик ар бирибизде болот. Аны издеген сайын табыла берет. Көздү дайыма жакшы нерселерге гана туштап, кулакты жагымдуу сөздөргө гана тосуп турсак жан дүйнөбүз тынч болуп, бактылуу жашайбыз. Андыктан келгиле, достор, эмгекти баалап, жакшы гана каалоо-тилектерибизди калтыралы…

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий