«Style mix» тобунун ырчысы Илима Дүйшеналиева көз жарды

«Style mix» тобунун ырчысы Илима Дүйшеналиева көз жарды. Бул тууралуу шоумен, алып баруучу Нурсултан Майназаров социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымына караганда жубайы Жаркын  жана Илима жеке менчик клиникалардын биринде бир күндө жарышты. Уулдуу болгон түгөйлөрдүн кубанычында чек жок экени айтпаса да маалым. Кичинекейлердин өмүрү узун болсун деген тилек айтабыз!

Добавить комментарий