Mega Argen, ырчы: “Мени көпчүлүк кыздар, “бабниксиң” дей беришет”

Жаңы гана шоу-бизнестин эшигин каккылап, ырчылык өнөрүн элге тартуулап келе жаткан жаш ырчылардын катарын Mega Argen деген ысым дагы толуктайт. Дал ушул таланттуу жигит менен болгон маек назарыңыздарда!

 

— Чыгармачылыкка жаңы дем менен кириштим дедиң, акыркы жаңылыктарың менен бөлүшө кетсең?

— Ооба ушул күнгө чейин ыр болсо эле аткара берип, кайсынысы жакшы, кайсынысы начар экенин деле байкабайт болчумун.  Той жаатындагы ырларды жаздырып, жеңил ырларга көп басып жасап койгонумду эми түшүндүм.  Ырчы болуу учун өзгөчөлүк, жаңылык керек экен. Ошондуктан өзгөчө стилдеги ырлар менен бир жаңылык жаратайын деген ниетим бар, аманчылык болсо ал жаңылыктарымды да тартуулайм.

 

— Шоу-бизнеске жаңыдан аралашуу албетте кыйынчылык жаратат эмеспи… Чыгармачылыктын оорчулугун ж.а жыргалчылыгын баса белгилей кетсең?..

— Ооба, чыгармачылыкта йигилик жаратуу оор. Анын үстүнө, продюсер менен иштешпей, баарына өзү чуркап, жаңы чыгып аткан ырчыларга бир топ кыйын десем болчудай. Талант ташкындап турса, эч нерсеге карабай элге кызмат кылуу менен шоу-бизнестин алдыңкы тепкичтерине жетсе болот, ага болгону эрк, сабырдуулук, аракет, эмгек керек. Өзүнө ишенбеген, эрксиз адамдан эч качан ырчы чыкпайт деп ойлойм.

 

— Москвада чыгармачылык менен алек болуу бир топ кыйынчылык жаратпайбы?

— Ооба, кыйынчылык жаратат. Бул жерде 12,13 саат жумушта болосун. Тагыраак айтканда 6 кун жумушта 1 кун эс алууда болуп, ошол 1 кунумду да чыгармачылыкка арнаганга аракет кылам. Убактымды туура пайдаланганга аракет кылам. Акча тапсам анын баарын чыгармачылыгыма коротом. Анткени, ырчылык мен сүйгөн кесип. Мен музыкадан, элдин кол чабуусунан ырахат алып жашайм. Бул дүйнөдө из калтырчудай эмгек жараткым келет. Буйруса жакшылыктын баары алдыда.

 

— Бөтөн эл, бөтөн жерде ырчылыктан сырткары эмне жумуш кыласың?

— Шаардагы ресторандардын биринде ашпозчу болуп иштейм. Анткени, бул жердин айлык маянасы жакшы. Өзүмдүн баскан-турганыма жана чыгармачылыгыма кенен жетет. Ошондой эле кыргыздардын жакшылыктарында кызмат кылам. Өзүңүздөр билгендей эле уччурда Москвада кыргыздар аябай көп, ошончолук тойлор дагы байма-бай болуп турат.

 

 

— Балким Россиянын шоу-бизнесине баш багып көрөөрсүң?.. Алар менее иштешүүгө аракет кылып көрдүңбү?

— Жүрөгүмдөгү суроону бердиңиз, мен да ушул ойду коп жылдан бери ойлонуп жүрөм. Россия эле эмес дүйнөлүк аренага чыксам дейм. Кыргыздын маданиятына салым кошуп, кыргыз улутун ааламга тааныткым келет. Алдыда жакшы пландарым бар, буйруса алардын баарын ишке ашырганга болгон күч-аракетимди жумшайм.

— Сүйүү жаатында кеп кылсак… Сүйүктүүң барбы?

— 16 жашыман бери Москвада эмгектенип жүрөм. Убактым чектелүү. Жалаң эле иш менен алпурушуп, сүйгөнгө же бирөөнү сүйдүргөнгө жетише элекмин (күлүп).

— Күйөрмандарды жоготуп алуудан коркуп, сүйүүңдү жашырып койбодуңбу?

— Күйөрмандарым талантым үчүн мени менен бирге болушат да. Эгер жүрөктүн кылдарын черткен ырларды аткарып турсам, эл талантты баалайт деп ойлойм. Көпчүлүк тааныштарым, “Бабниктердей көрүнөсүң” деп айтып калышат (күлүп), жок, андай эмес!

 

 

Добавить комментарий