Бишкектин Логвиненко көчөсү убактылуу жабылат

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу борбор калаабыздагы Логвиненко көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. «Логвиненко көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү 6-сентябрдан 24-сентябрга чейин жабылат. Андыктан, жарандар каттамды алдын ала пландап алуусу шарт,» — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий